TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык Миссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

ТҮРКПА Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Эл аралык Миссиясы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугушту

Дата
Көрүү
158
2025-жылдын 28-ноябрында Миссиянын башчысы, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасынын орун басары, Казакстан Парламентинин Мажилисинин депутаты Абзал Куспан мырза баштаган делегация Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров мырза менен жолугушту. Миссиянын курамына Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын мүчөсү Серик Шайдаров жана ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Сакы Садыков да кирди. Миссияны жылуу кабыл алган министрдин орун басары ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө Кыргыз Республикасынын олуттуу көңүл буруп жатканын белгилеп, Ассамблеянын парламенттер аралык кызматташуусун өнүктүрүүдөгү ролуна токтолду. Министр миссияга Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого даярдыктар жана бул багытта Тышкы иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн чаралар жөнүндө маалымат берди. Медер Абакиров мырза шайлоо процессинин ачык-айкындуулугун жана өзгөчөлүктөрүн, ошондой эле алдын ала иштелип чыккан жаңы технологиялар жана санариптик чечимдердин колдонулушун, шайлоолорго даярдыктар жөнүндө маалымат берип, өткөрүү иштеринин уюшулганын жана жогорку деңгээлде жүргүзүлүшүн баса белгиледи. ТҮРКПАнын Шайлоолорго байкоо жүргүзүү Миссиясынын башчысы Абзал Куспан жылуу кабыл алгандыгы жана байкоо жүргүзүүгө түзүлгөн мыкты шарттар үчүн чын ыраазычылыгын билдирип, шайлоолордун ийгиликтүү өткөрүлүүсүн каалады.