ТҮРКПА Парламенттик ассамблеялардын терроризмге каршы күрөшүү боюнча 5-координациялык жыйынына жана үчүнчү саясий диалогго катышты
Дата
Көрүү
152
2024-жылдын 8-9-майында Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Сакы Садыков Стамбул шаарында Катар Мамлекетинин Шура Кеңешинин колдоосу менен жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясы (ЕККУ ПА) менен кызматташтыкта Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы башкармалыгы (БУУТКБ) тарабынан уюштурулган Парламенттик ассамблеялардын терроризмге каршы күрөшүү боюнча 5-координациялык жыйынына жана үчүнчү саясий диалогго катышты.
Эки күндүк иш-чарага дүйнөнүн төрт бурчунан парламентарийлер, парламенттер аралык уюмдардын өкүлдөрү жана эксперттер катышты.
Иш-чараны БУУнун Парламенттер аралык кызматташуу боюнча программалык кеңсесинин жетекчиси Дэвид Аламос алып барды. Катар Мамлекетинин Шура Кеңешинин мүчөсү, доктор Али бин Фетаис Альмарри жана ЕККУ ПАнын вице-президенти, Терроризм менен күрөшүү жана парламенттик ассамблеялардын координациялык механизми боюнча атайын комитеттин төрагасы Рейнхольд Лопатка куттуктоо сөздөрүн айтышты.
Парламенттик ассамблеялардын терроризмге каршы аракеттенүү жана зордук-зомбулук экстремизминин алдын алуу жаатындагы кызматташуусун бекемдөөгө багытталган иш-чарада маалымат алмашуу, өз ара аркеттенүүнү координациялоо, өнөктөштүктү бекемдөө жана чечкиндүүлүктү күчөтүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.
Катышуучулар терроризмге каршы күрөштө жана зомбулук экстремизмдин алдын алууда адам укуктарын камсыз кылуунун жана коргоонун маанилүүлүгүн баса белгилеп, регионалдык коопсуздуктун негизги тенденцияларын жана терроризмге байланыштуу маселелерди талкуулашты. Талкуулар ошондой эле зордук-зомбулук экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча тажрыйбага баа берүү жана терроризмге каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө арналды.
Иш-чаранын жүрүшүндө БУУТКБ ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү боюнча БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1373 (2001) резолюциясы боюнча өзүнүн жаңы парламенттик колдонмосун сунуштады. Бул колдонмо парламентарийлер үчүн терроризмге жана анын бардык формаларында зомбулук экстремизмге каршы туруу боюнча мыйзамдарды жана улуттук стратегияларды сунуштоодо, талкуулоодо, өзгөртүүдө жана кабыл алууда маалымдама куралы болуп саналат. Иш-чаранын алкагында ТҮРКПА делегациясы ЕККУ ПАдагы түрк делегациясынын мүчөсү, Терроризмге каршы күрөшүү боюнча атайын комитеттин төрагасынын орун басары, профессор Камил Айдын менен жолугушту.