TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Парламенттер аралык Бирлик жана БУУнун аялдары биргеликте уюштурган “КОВИД-19дан кийинки гендердик маселелерине багытталган калыбына келтирүү” аттуу парламенттер аралык диалогго катышты

ТҮРКПА Парламенттер аралык Бирлик жана БУУнун аялдары биргеликте уюштурган “КОВИД-19дан кийинки гендердик маселелерине багытталган калыбына келтирүү” аттуу парламенттер аралык диалогго катышты

Дата
Көрүү
111
2021-жылдын 7-апрелинде, ТҮРКПАнын кызматкери Сузанна Казимова Парламенттер аралык Бирлик жана БУУнун аялдары онлайн форматында биргелешип уюштурган “КОВИД-19дан кийинки гендердик маселелерине багытталган калыбына келтирүү: Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү” аттуу Парламенттер аралык диалогго катышты. Сауд Аравиясынын Шура Кеңешинин мүчөсү Хода Аль-Хелайсси жетектеген жолугушуу КОВИД-19дун дүйнө жүзүндөгү аялдарга тийгизген экономикалык таасири, анын ичинде жакырчылыктын, жумушсуздуктун, акысыз камкордуктун, аялдарга карата зордук-зомбулуктун кесепеттерине арналды. Катышуучулар пандемия учурунда ар кайсы өлкөлөрдөгү аялдар учурдагы кырдаалды жана көйгөйлөрдү талкуулашып, аялдардын социалдык коргоосун күчөтүү менен бирге, алардын экономикалык абалын жакшыртуу боюнча гендердик жооп чаралары жөнүндө пикир алышты. КОВИД-19 кризисинен улам келип чыккан экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жүргүзүлө турган мамлекеттик саясаттын маанилүүлүгүн баса белгилеп, аял депутаттар мыйзамдарды кабыл алуу жана парламенттердин иши аркылуу укуктук реформаларды жүргүзүү үчүн мыкты каражаттарды аныктоо менен аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн гендердик шарттарга жооп берүүчү чараларга байланыштуу тажрыйбалары менен бөлүштү.