ТҮРКПА ПАМдын 15-Пленардык сессиясына катышты
Дата
Көрүү
127
2021-жылы 3-4-июнда Баш катчы Алтынбек Мамаюсупов Жер Ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясынын (ПАМ) онлайн формат түрүндө уюштурулган 15-Пленардык сессиясына катышты.
Программа ачылыш аземин жана ПАМдын туруктуу комитеттеринин сессияларын камтыган. Сессияны ПАМдын Президенти Карим Дарвиш ачты. Туруктуу Комитеттердин сессиялары үй-бүлөлүк зомбулукту чечүү, кеңирип турган санариптештирилген коомдо адам укуктарын коргоо, региондо акыркы экономикалык жана экологиялык өзгөртүүлөр, терроризм коркунучу жана коопсуздук маселелерине көңүл бурду.
Дженнаро Мильйоре мырза (Италия) жаңы ПАМ Президенти болуп шайланды.