TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ПАБдын 144-Ассамблеясына жана тийиштүү жыйындарга катышты

ТҮРКПА ПАБдын 144-Ассамблеясына жана тийиштүү жыйындарга катышты

Дата
Көрүү
117
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы 2022-жылдын 20-24-мартында Балинин Нуса Дуа шаарында Индонезия Республикасынын Парламентинин уюштуруусунда өткөрүлгөн Парламенттер аралык биримдиктин (ПАБ) 144-Ассамблеясына катышты. Иш-чаранын негизги темасы “Нөлгө жетишүү: Климаттын өзгөрүшүнө каршы аракеттенүү үчүн парламенттерди мобилизациялоо” болду. Ассамблеянын ачылыш аземинде Индонезия Республикасынын Президенти Жоко Видодо, Индонезия Республикасынын Өкүлдөр Палатасынын Төрагасы Пуан Махарани жана ПАБдын Президенти Дуарте Пачеко сөз сүйлөштү. Бириккен Улуттардын Уюмунун Башкы катчысы Антонио Гутерриш Ассамблеяда видео кайрылуу аркылуу сөз сүйлөдү. Ассамблеянын жүрүшүндө ПАБдын уставдык органдарынын, анын ичинде Жетектөөчү Кеңештин, Туруктуу комитеттердин, Парламентарийлердин адам укуктары жана Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча комитеттеринин жыйындары, ошондой эле Аял парламентарийлердин форуму жана Жаш парламентарийлердин форуму болуп өттү. Иш-чаранын алкагында ПБКА жыйыны да болуп өттү. ПАБ Ассамблеясы дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген парламентарийлерди жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн чогултту. Делегаттар климаттын өзгөрүүсүн жана анын кесепеттерин жоюу үчүн инновациялык чечимдерди табуу, парламенттик аракеттер жана саясатты мобилизациялоо маселелерин талкуулашып, пикир алмашышты. Иш-чаранын алкагында Башкы катчы ПАБда ТҮРКПАга мүчө-мамлекеттердин парламенттик делегациялары менен жолугушту. Тараптар Түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтыктын перспективалары жана жалпы кызыкчылыкты жараткан башка маселелер боюнча пикир алмашышты. Ассамблея талкуунун жалпы темасы боюнча жыйынтыктоочу документти кабыл алуу менен аяктады.