ТҮРКПА ПАБдын 143-Ассамблеясына катышты
Дата
Көрүү
136
Башкы катчы Мехмет Сурейя Эр мырза жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы 2021-жылдын 26-30-ноябрында Мадридде Испания Парламенти жетекчилиги астында өткөрүлгөн Парламенттер аралык Бирликтин (ПАБ) 143-Ассамблеясына жана тийиштүү жолугушууларга катышты.
Дүйнөдөгү эң ири парламентарийлердин жыйынына дүйнөнүн ар кайсы жеринен келген ПАБдын жүздөгөн мүчөлөрү көзмө-көз жолугушту. Ассамблеянын негизги темасы “Демократияга каршы заманбап чакырыктар: бөлүнүүнү жоюу жана коомчулукту куруу” болгон.
Ассамблеянын ишине Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айым, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырза жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин Катчысы Мухтар Ерман мырза жетектеген ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөр Азербайжан, Түркия жана Казакстандын делегациялары катышты.
Ассамблеянын алкагында Бирликтин органдарынан жана башка тийиштүү жолугушуулардан тышкары ПАБ жана Испаниянын Парламенти ондогон эки тараптуу жолугушууларды уюштурушту. Ошол эле учурда, делегаттар балдардын интернетте сексуалдык эксплуатациясына жана зомбулукка каршы күрөшүү боюнча дүйнөлүк мыйзамдар жөнүндө резолюцияны карашты. ПАБдын мүчөлөрү ошондой эле ПАБдын 2022-2026-жылдарга карата жаңы стратегиясын кабыл алышты.
ТҮРКПА 2010-жылдан бери ПАБдын иш-чараларына байкоочу катары катышып келет.