TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Өзбекстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүздү

ТҮРКПА Өзбекстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүздү

Дата
Көрүү
169
ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы (ШБМ) Өзбекстан Республикасында 2024-жылдын 27-октябрында өткөн парламенттик шайлоого кыска мөөнөттүү байкоо жүргүздү. Өзбекстанда парламенттик шайлоо 2023-жылы Конституциянын жаңы редакциясы жана шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр кабыл алынгандан кийин өткөрүлдү. Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо биринчи жолу пропорционалдык жана мажоритардык айкалыштырган аралаш шайлоо системасынын негизинде өткөрүлдү. ТҮРКПА Миссиясы Өзбекстанда ишин 2024-жылдын 25-октябрында баштады. Байкоо программасынын алкагында Миссия Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева жана Озбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Зайниддин Низамхожаев менен жолугушуулар өткөрдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө миссияга парламенттик шайлоого даярдыктар жана анын негизги өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берилди. Миссия ошондой эле шайлоого катышып жаткан саясий партиялардын лидерлери менен жолугушуп, алардын шайлоо алдындагы кырдаал жана парламенттик шайлоодон күтүүлөрү боюнча көз караштары тууралуу маалымат алышты. Шайлоо күнү миссиянын мүчөлөрү Ташкент жана Бухара шаарларындагы шайлоо участкаларына баш багып, шайлоо участоктору ачылгандан баштап добуштарды саноого чейинки добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. 28-октябрда ТҮРКПА Миссиясы байкоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча маалымат жыйынын өткөрдү. Миссиянын айтымында, шайлоо күнү тынч жана жакшы башкарууда өттү. Байкоо жүргүзүлгөн шайлоо участкаларында добуш берүүнүн жалпы жүрүшү оң бааланды. Миссия шайлоо мыйзамдарына олуттуу өзгөртүүлөр киргизилгенин баса белгилеп, талапкерлерди каттоодо аялдар үчүн квоталардын көбөйүшү аялдардын шайлоо процессине жана өлкөнүн саясий турмушуна кеңири катышуусуна салым кошконун белгиледи. Миссия БШКнын аймактык комиссияларды окутуу жана шайлоо процесси боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу боюнча ишин жогору баалады. Шайлоо процессинин катышуучуларынын өз ара аракеттенүүсүн санариптештирген жана жарандарды шайлоого байланыштуу маалымат менен камсыз кылган "Е-сайлов" маалыматтык системасын өнүктүрүү оң бааланды. Миссия мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу боюнча чараларды жогору баалап, бул контекстте барган шайлоо участкалары бул шайлоочулар үчүн ылайыктуу болгонун белгиледи. Миссия 2024-жылдын 27-октябрындагы Өзбекстан Республикасындагы парламенттик шайлоо Өзбекстан Республикасынын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген жыйынтыка келди. Сапардын алкагында Ташкент жана Бухара шаарларында маданий программа да уюштурулду. ТҮРКПА ШБМдын курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламентарийлери – Ахлиман Амирасланов жана Агалар Валиев (Азербайжан), Кудайберген Бексултанов (Казакстан), Азизбек Турсунбаев (Кыргызстан), Осман Местен, Махмут Рыдван Назырлы, Кадим Дурмаз, Харун Өзгүр Йылдызлы, Филиз Кылыч, Өмер Фарук Гергерлиоглу (Түркия), ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, парламенттин кызматкерлери жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү кирген. Миссияны Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Осман Местен жетектеген.