TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА миссиясы Ташкентте жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

ТҮРКПА миссиясы Ташкентте жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

Дата
Көрүү
137
ТҮРКПАнын Эл аралык байкоочулар миссиясы 2021-жылдын 24-октябрында болуп өтө турган Президенттик шайлоого кыска мөөнөттүү мониторинг жүргүзүү үчүн Ташкент шаарына сапар жасады. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын (ТУУЖ) мүчөсү, ТҮРКПАнын Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасынын орун басары Режеп Шекер мырза жетектеген миссиянын курамына парламенттердин өкүлдөрү Агалар Валиев (Азербайжан), Жамиля Нурманбетова (Казакстан), Анвар Артыков, Мухтарбек Айнакулов (Кыргызстан), Шенел Йедийылдыз мырза, Өмер Фетхи Гүрер мырза, Юксел Өзкан мырза жана Яшар Карадаг (Түркия), ошондой эле ТҮРКПА Катчылыгынын дипломатиялык кызматкерлери киришкен. 22-октябрда Миссиянын мүчөлөрү Өзбекстан Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Төрагасы Зайниддин Низамхожаев, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрагасынын биринчи орун басары Содик Сафоев жана Эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитеттин жетекчиси Дилором Файзиева менен жолугушту. Жолугушуулардын жүрүшүндө миссиянын башчысы Шекер мырза миссиянын байкоо программасы жөнүндө маалымат берди. Ал эл аралык байкоочулар үчүн түзүлгөн шарттар үчүн ыраазычылык билдирип, шайлоо Өзбекстандын пайдасына таза, эркин жана ачык-айкын өтөөрүнө ишенимин билдирди. Миссиянын маектештери ТҮРКПАнын байкоочуларынын президенттик шайлоону көзөмөлдөө процессине катышуусунун ачык-айкын жана демократиялуу шайлоону камсыз кылуу үчүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. БШКнын Төрагасы Миссияга шайлоого даярдык көрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, анын ичинде логистикалык жана техникалык аспектилер жөнүндө маалымат берип, байкоочулардын суроолоруна жооп берди. Байкоо программасынын алкагында ТҮРКПАнын байкоочулары саясий партиялардын өкүлдөрү менен бир топ жолугушууларды өткөрөт. Миссия шайлоо күнү добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн шайлоо участкаларына барып, андан кийинки күнү байкоонун жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрөт.