TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Миссиясы Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүздү

ТҮРКПА Миссиясы Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоо жүргүздү

Дата
Көрүү
128
2021-жылдын 28-ноябрында ТҮРКПАнын Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын парламентарийлеринен, ошондой эле ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Бишкектеги добуш берүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүздү. Добуш берүү күнү Миссия бир катар шайлоо участкаларында болуп, алардын ачылышынан баштап, добуштарды саноого чейинки бардык этаптарда шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, шайлоочулар, шайлоо участкаларынын кызматкерлери жана жергиликтүү байкоочулар менен жеринде баарлашты. ТҮРКПАнын байкоочулары өз ишинин алкагында жергиликтүү массалык маалымдоо каражаттарына интервью беришти. Эртеси күнү Миссия өз байкоо ишмердигинин алдын ала жыйынтыктары боюнча пресс-конференция өткөрдү. Миссиянын башчысы Режеп Шекер Миссиянын байкоо программасы жөнүндө маалымат берди. Миссия Кыргыз Республикасындагы шайлоо системасындагы олуттуу өзгөрүүлөрдү белгиледи. Парламенттик шайлоо жалпысынан тынч маанайда өткөнүн белгилеген Миссия бүтүн шайлоо процесси жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, төмөнкү комиссияларды жана укук коргоо органдарын окутуу жана шайлоо процессинин жүрүшүндө КОВИД-19 инфекциясынын алдын алуу чараларын көрүү боюнча шайлоону башкаруу органдарын ишин жогору баалады. Миссия 2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасындагы парламенттик шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деп жыйынтык чыгарды.