TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Миссиясы Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы менен жолугушту

ТҮРКПА Миссиясы Казакстан Парламентинин Мажилисинин Төрагасы менен жолугушту

Дата
Көрүү
131
2022-жылдын 19-ноябрында Азербайжан, Кыргызстандын жана Түркиянын парламентарийлеринен жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрүнөн турган Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Эрол Кая мырза жетектеген ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырза менен жолугушту. Парламент башчысы Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнүн өлкөнүн демократиялык негизде гана өнүгүүсүн камсыздай турган саясий процесс катары маанилүүлүгүн баса белгилей кетти. Миссия башчысы казак элине алдыдагы шайлоодо ийгиликтерди каалап, Казакстандын тез өнүгүшү бүткүл регион үчүн чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи. Кая мырза алдыдагы шайлоонун жыйынтыктары өлкөнүн мындан аркы өнүгүшүнө жана гүлдөп-өсүшүнө салым кошот деген ишенимин билдирди.