TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА менен ФЭФтин Кыргызстандагы кеңсеси биргелешип ЧОИ колдоо жана өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүштү

ТҮРКПА менен ФЭФтин Кыргызстандагы кеңсеси биргелешип ЧОИ колдоо жана өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүштү

Дата
Көрүү
125
2022-жылдын 25-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин колдоосу менен ТҮРКПА жана Фридрих Эберт Фондунун Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү (ФЭФ) биргелешип “Падемиядан кийинки мезгилде экономикалык өсүштү турукташтырууда чакан жана орто бизнестин инновациялык активдүүлүгү” деген темада тегерек стол өткөрүштү. Ачылыш сессиясында Жогорку Кеңештин мүчөсү Айсара Абдибаева айым, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза жана ФЭФ өкүлчүлүгүнүн башчысы Филипп К. Ян мырза сөз сүйлөштү. Тегерек столдо Жогорку Кеңештин мүчөлөрү жана өкүлдөрүнүн, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлдөрүнүн, бизнес-ассоциациялардын, Бизнес-акыйкатчы институтунун, Бизнес-кеңештин жана Кыргыз Республикасынын илимий чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда эки жумушчу сессия болуп өттү. Абдибаева айым өз сөзүндө чакан жана орто бизнестин экономиканы өнүктүрүүдөгү маанисин баса белгиледи. Ал ошондой эле чакан жана орто бизнесте санариптештирүүнү кеңири жайылтуу зарылдыгына жана бизнестин жаңы талаптарга жооп берүүгө даярдыгына көңүл бурду. Ал кичи жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча бардык кызыкдар тараптардын кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр тегерек столдун катышуучулары менен учурашып, Жогорку Кеңешке ТҮРКПАнын демилгелерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн жана иш-чараны биргелешип уюштурган ФЭФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнө ыраазычылыгын билдирди. Ал өлкөнүн жана бүтүндөй региондун коопсуздугуна, туруктуулугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошкон бардык кызыкдар тараптарды тартуу менен кызматташуу форматынын маанисин баса белгиледи. Өз кезегинде ФЭФ Өкүлчүлүгүнүн башчысы Филипп К. Ян мырза экономиканы турукташтырууда жана чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүдө, өзгөчө азыркы шарттарда өз ара кызматташуунун зарылдыгын белгиледи. Бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү чакан жана орто ишкердикте учурдагы көйгөйлөрдү айтып, аларды чечүү боюнча өз көз караштары менен бөлүшүштү. Алар Кыргызстанда чакан жана орто ишкердикти туруктуу өнүктүрүүгө жетишүү үчүн бардык тараптар, анын ичинде мамлекеттик органдар менен кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Иш-чара ТҮРКПАнын Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын алкагында болуп өттү. Тегерек столго Экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын Катчысы да катышты.