ТҮРКПА Лачында климаттык иш-аракеттер боюнча диалогго катышты
Дата
Көрүү
164
2024-жылдын 24-майында Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Сакы Садыков Лачындагы климаттык иш-аракеттер боюнча диалогго катышты. COP29 презентациясын камтыган иш-чара Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган.
Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, парламентарийлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана башка коноктор катышты.
Бет ачар аземинде сөз сүйлөгөн Азербайжан Республикасынын Президентинин жардамчысы – Президенттик Аппараттын Тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Хикмат Хажиев Азербайжан алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн чечкиндүү экенин жана бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин белгиледи.
Хикмат Хажиев кызматташуу, ар тараптуу колдоо, инвестиция жана инновация аркылуу жашыл энергияны каалаган жерде өндүрүү мүмкүн болорун айтты.
COP29га даярдык көрүүдөгү кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеген Азербайжандын Экология жана жаратылыш ресурстары министри, COP29 президенти кызматына дайындалган Мухтар Бабаев Азербайжанда аккредиттелген дипломаттарды конференциянын ишинде, атап айтканда иш-чаранын күн тартибин иштеп чыгууда активдүү болууга чакырды.
24-майда Климат боюнча Лачын диалогунун алкагында иш-чаранын катышуучулары "Зерти" Агро-өнөр жай паркына барышты. Конокторго "Зерти" агро өнөр жай паркында жүргүзүлүп жаткан айыл чарба иштери тууралуу маалымат берилди.
Катышуучулар "Хочазфильм" киностудиясында да болушту.
Маалым болгондой, "Хочазфильм" киностудиясынын ишмердүүлүгүнүн келечектүү багыттары болуп Карабах регионун кеңири жайылтууга байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруу, аймакта өтө турган маданий иш-чараларды чагылдыруу, Лачындагы реставрация иштеринин жүрүшү менен таанышууу, луттук бренддерди жана жергиликтүү продукцияларды таанытуу, кинематографиялык жана искусство боюнча курстарды жана конкурстарды уюштуруу саналат.
Программа Карабактын жана Чыгыш Зангезурдун экосистемасын калыбына келтирүүгө салым кошуу үчүн жашы жете элек форельди Лачын районунун Хакари дарыясына кое берүү процессине байкоо жүргүзүү менен коштолду.
Андан соң 28-май Азербайжандын Эгемендүүлүк күнүнө арналган "Килем ушундай жаралган" аттуу көргөзмөнүн ачылышы болду.
БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча "COP29" Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын Конференциясынын 29-жыйыны ушул жылдын ноябрында Азербайжанда өткөрүлүшү күтүлүүдө. Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясы – 1992-жылы июнда Рио-де-Жанейродо өткөн Жер саммитинде адамдын климаттык системага коркунучтуу кийлигишүүсүн алдын алуу үчүн кол коюлган келишим. "COP29" (Тараптардын Конференциясы) – Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын аткарылышын көзөмөлдөөчү эң жогорку мыйзам чыгаруучу орган болгон конференция. Конвенцияга 198 мамлекет мүчө.