ТҮРКПА Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасына барды
Дата
Көрүү
127
2022-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директорунун орун басары Гүлнара Байтакова менен жолугушту.
ТҮРКПАнын делегациясы китепкананын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алып, анын имараттары менен, ошондой эле Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосунда иштеп жаткан Кыргыз-Казак маданий борбору жана Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз-Түрк маданий борбору менен таанышты.
Өз кезегинде Башкы катчы Түрк дүйнөсүнүн улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматов атындагы борбордун ачылышын жогору баалап, анын боордош түрк мамлекеттеринин маданий кызматташтыгын мындан ары да чыңдоого салым кошоруна ишенимин билдирди.
Ал ошондой эле ТҮРКПАнын Түрк кызматташтыгынын парламенттик өлчөмү катары китепкананын тиешелүү тармактардагы ишмердүүлүгүн колдоого даярдыгын билдирди.