TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА “КОВИД-19 пандемиясынын контекстиндеги глобалдык чакырыктар жана коркунучтар” аттуу конференцияга катышты

ТҮРКПА “КОВИД-19 пандемиясынын контекстиндеги глобалдык чакырыктар жана коркунучтар” аттуу конференцияга катышты

Дата
Көрүү
119
2021-жылдын 15-апрелинде ТҮРКПА “КОВИД-19 пандемиясынын контекстиндеги глобалдык чакырыктар жана коркунучтар: терроризм жана зомбулук экстремизм” аттуу эл аралык парламенттик конференцияга катышты. Конференцияны 2017 жана 2019-жылдары өткөрүлгөн ушул сыяктуу талкуулардын логикалык уландысы катары КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы, ЕККУ ПА, Жер Ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясы жана БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү боюнча бюросу биргелешип уюштурган. Иш-чарага парламент башчылары жана мүчөлөрү, анын ичинде ТҮРКПАнын учурдагы төрайымы жана Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Талант Мамытов, ошондой эле Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Төрагасынын орун басары Нурлан Абдиров жана эл аралык уюмдардын жетекчилери катышты. Конференциянын ачылышынан кийин катышуучулар “Терроризмге жана зордук-зомбулук экстремизмине каршы турууда эл аралык кызматташуунун укуктук механизмдери”, “Террористтик коркунучка баа берүү жана зомбулук менен экстремизмдин алдын алуу аракеттери”, “Терроризмдин курмандыктарынын укуктарын илгерилетүү жана коргоо жана алардын муктаждыктарын канааттандыруу” жана "КОВИД-19 пандемиясына туш болгон демократиялар” деп аталган төрт тематикалык сессияда докладдар менен чыгып сүйлөдү. Катышуучулар терроризм менен күрөшүүнүн пандемия учурунда татаалдашканын белгилеп, анын коопсуздуктун башкы көйгөйлөрүнүн бири катары баалап, эл аралык кызматташуунун натыйжалуу механизмдери жана глобалдык масштабда мыйзам чыгаруу коопсуздугун өркүндөтүү боюнча пикир алышты.