ТҮРКПА Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын Биринчи жыйынына катышты
Дата
Көрүү
119
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы 2021-жылдын 28-ноябрында Испаниянын Мадрид шаарында Парламенттер аралык Бирликтин 143-Ассамблеясынын алкагында болуп өткөн Кошулбоо Кыймылынын Парламенттик тармагынын Биринчи жыйынына катышты.
Парламенттик тармактагы Биринчи жыйын азербайжан тарабынын сунуштоосу боюнча, Кошулбоо кыймылына төрагалык кылуучу өлкөнүн делегациясынын башчысы катары Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айымдын жетекчилиги астында өткөрүлдү.
Алгачкы жыйынга Азербайжандан тышкары ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдөн Казакстан менен Түркиянын делегациялары катышты. Жыйында Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырза сөз сүйлөдү. Жыйындын жүрүшүндө катышкан делегациялардын жетекчилеринин, ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилеринин билдирүүлөрү угулду.
ТҮРКПАнын Башкы катчысы өз сөзүндө Азербайжандын Кошулбоо Кыймылына Төрагалыгынын алкагында түрдүү тармактарда ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан демилгелерди, атап айтканда, КОВИД-19 менен күрөшүү үчүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын атайын сессиясын чакыруу жана пандемияга каршы күрөшүүдө вакциналардын адилеттүү бөлүштүрүлүшүнө көмөктөшүү үчүн көрүлгөн чаралар сыяктуу иш-чараларды баса белгиледи. Ал ошондой эле бул процесстерде Кошулбоо Кыймылынын Төрагасы, Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин өзгөчө ролун белгиледи. Башкы катчы 21-кылымдагы дүйнөөдө парламенттик дипломатиянын маанилүүлүгүн белгилеп, Кошулбоо Кыймылынын парламенттик тармагын түзүүнүн Кыймылдын эл аралык кадыр-баркын жана таасирин бекемдөөгө өбөлгө болоруна ишеним билдирди. Башкы катчы ККнын парламенттик тармагынын ишине катышуу жана бул контекстте эффективдүү кызматташтыкты жүргүзүүнүн маанилүү экенин билдирүү менен өз сөзүн жыйынтыктады.
Инаугурациянын аягында катышуучулар Кошулбоо Кыймылынын парламенттик тармагын түзүү жөнүндө Мадрид декларациясын кабыл алышты.
Салтанаттуу жыйын концерттин коштоосунда майрамдык сый тамак менен уланды.