ТҮРКПА комиссиясынын катчысы БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү боюнча координациялык жыйынына катышты
Дата
Көрүү
137
2025-жылдын 26-ноябрында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы Кадир Яман мырза Терроризмге каршы күрөш боюнча Парламенттик Ассамблеялардын координациялык механизминин 8-жыйынына онлайн форматта катышты.
Жогорку деңгээлдеги жыйын Бириккен Улуттар УюмунунТерроризмга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын программалык бөлүмү тарабынан терроризмдин алдын алууга жана ага каршы күрөшүүгө парламенттерди тартуу максатында уюштурулганКатар мамлекетинин Шура Кеңешинин колдоосу менен, Кипр Республикасынын Өкүлдөр палатасы жана механизмдин азыркы төрагасы Жер Ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясы менен кызматташтыкта уюштурулду.
Комиссиянын катчысы эл аралык делегаттарга кайрылуусунда терроризмге каршы дүйнөлүк күрөштө парламенттер аралык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал “Түрк мамлекеттеринин парламенттеринин Улуттук коргонуу жана коопсуздук комитеттеринин төрагаларынын жыйындары” тууралуу маалымат берип, Түрк мамлекеттер аймагында коопсуздукту бекемдөө боюнча мыйзам чыгаруу аракеттерин шайкештирүү жана диалогду өнүктүрүүдөгү ТҮРКПАнын маанилүү ролун белгиледи.
Жолугушууга катышкан делегаттар Жер Ортолук деңизинин Парламенттик Ассамблеясын экинчи мөөнөткө Координациялык механизмдин төрагасы кылып кайрадан шайлашты.
Бул иш-чара алдыңкы тажрыйба алмашуу жана терроризмге каршы күрөшүүнүн маанилүү тармагында парламенттик ассамблеялардын ортосундагы кызматташтык тармактарын бекемдөө үчүн маанилүү платформа катары кызмат кылды.