ТҮРКПА Комиссиясынын катчысы Бакуда өткөн «Чанаккале согуштары» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты
Дата
Көрүү
144
2025-жылдын 22-октябрында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы Кадир Яман Бакуда өткөн «Чанаккале согуштары: алдыңкы фронтто тартылган сүрөттөр» көргөзмөсүнүн жана Чанаккале мобилдик музейинин ачылыш аземине катышты.
Иш-чара Баку шаарындагы Юнус Эмре институту жана Азербайжан Эгемендүүлүк музейи тарабынан биргелешип уюштурулуп, ага Түркиянын Азербайжан Республикасындагы Элчиси Бирол Акгүн, Азербайжан Республикасынын Маданият министринин орун басары Мурад Хүсейнов, Азербайжан Улуттук Жыйынынын мүчөсү Танзила Рустамханлы, ошондой эле мамлекеттик мекемелердин, илимий-педагогикалык чөйрөнүн жана студенттердин өкүлдөрү катышты.
Ачылыш аземинен кийин Чанаккале деңиз жеңишинин тарыхый мааниси жана улуттук боштондук күрөшүндөгү ролу каралган панелдик талкуу өттү. Сөз сүйлөөчүлөр түрк элинин эркиндик үчүн жасаган баатырдык күрөшү жана келечеги Чанаккале эпосунун жаралышына түрткү болгонун баса белгилешти. Ошондой эле панелде Чанаккаленин Түркия менен Азербайжандын ортосундагы бир туугандыктың эң жандуу жана узак мөөнөттүү символдорунын бири бойдон кала бергени айтылды.
Иш-чара Чанаккале мобилдик музейине баруу менен жыйынтыкталды.