TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА КДЭКУПАнын 65-пленардык жыйынына катышты

ТҮРКПА КДЭКУПАнын 65-пленардык жыйынына катышты

Дата
Көрүү
158
2025-жылдын 18-июнунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси тарабынан уюштурулган Кара Деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (КДЭКУПА) 65-пленардык жыйынына байкоочу катары катышты. Пленардык жыйынга КДЭКУПАнын мүчө өлкөлөрүнүн парламенттик делегациялары, ошондой эле байкоочу жана конок делегациялары катышты. Ачылыш аземинде Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Болгария Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрайымы Наталья Киселова, Түндүк Македония Республикасынын Жыйынынын Төрагасы Африм Гаши жана КДЭКУПАнын Башкы катчысы Асаф Хажиев сөз сүйлөштү. Жыйындын жүрүшүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр да ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү жана уюмдар арасындагы кызматташтык тууралуу баяндама жасады. Күн тартибиндеги маселелерге КДЭКУПАнын комитеттеринин отчетторун жана сунуштамаларын бекитүү, ошондой эле КДЭКУнун тийиштүү түзүмдөрүнүн жана сектор аралык диалог боюнча өнөктөштөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарды угуу кирди. КДЭКУПАнын төрагалыгы Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинен Болгария Республикасынын Улуттук Жыйынына өткөрүлүп берилди. Болгария Республикасынын Улуттук Жыйынынын Төрайымы Наталья Киселова Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафаровага КДЭКУПАда ийгиликтүү төрайымдык кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, КДЭКУПАнын ишмердүүлүгүнө кошкон салымы үчүн КДЭКУПАнын Ардак медалы менен сыйлады. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди Айлана-чѳйрѳ, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова коштоп жүрдү.