ТҮРКПА КДЭКУПАнын 58-Башкы Ассамблеясына катышты
Дата
Көрүү
123
ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары 2021-жылдын 22-ноябрында виртуалдык форматта өткөрүлгөн Кара деңиз Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (КДЭКУПА) 58-Башкы Ассамблеясына катышты.
Иш-чарада КДЭКУПА-га мүчө-өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары, байкоочу уюмдардын жана конок мекемелердин өкүлдөрү чогулушкан.
Пленардык жыйынды КДЭКУПА-нын Президенти Кристина-Мадалина Пруна айым ачты. Күн тартибиндеги маселелерге төрагалыкты ротациялоо, КДЭКУПА-нын комитеттеринин отчеттору жана сунуштамалары, ошондой эле КДЭКУПА жана анын тийиштүү органдарынын жана сектордук диалог боюнча өнөктөштөрүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат камтылган.