TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА КДЭКУ ПАнын 66-Пленардык жыйынына катышты

ТҮРКПА КДЭКУ ПАнын 66-Пленардык жыйынына катышты

Дата
Көрүү
147
2025-жылдын 24-25-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли баштаган делегациясы Болгариянын София шаарында Болгария Республикасынын Улуттук Жыйыны тарабынан уюштурулган Кара деңиз Экономикалык кызматташтык Парламенттик Ассамблеясынын (КДЭКУ ПА) 66-Пленардык жыйынына байкоочу катары катышты. Пленардык жыйынга КДЭКУ ПАга мүчө өлкөлөрдүн парламенттик делегациялары, ошондой эле байкоочу жана конок делегациялары катышты. Ачылыш аземинде КДЭКУ ПАнын учурдагы президенттигин атынан Болгария Республикасынын Улуттук Жыйынынын вице-президенти Жорж Стойнев мырза, Грузия Парламентинин Төрагасы Шалва Папуашвили мырза, Кара деңиз Экономикалык кызматташтык уюмунун (КДЭКУ) учурдагы төрагасы, Болгария Республикасынын Тышкы иштер министри Георг Георгиев мырза жана КДЭКУ ПАнын Башкы катчысы Асаф Хажиев мырза сөз сүйлөштү. Башкы катчынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли да пленардык жыйындын жүрүшүндө ТҮРКПАнын ишмердүүлүгү жана уюмдардын ортосундагы кызматташтык жөнүндө сөз сүйлөдү. Күн тартибинде КДЭКУ ПА комитеттеринин отчетторун жана сунуштарын кабыл алуу, ошондой эле Кара деңиз Экономикалык кызматташтык уюмунун (КДЭКУ) ишмердүүлүгү, анын тиешелүү органдары жана сектор аралык диалог өнөктөштөрүнүн ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты сунуштоо маселелери каралды. КДЭКУ Панынпленардык жыйынында Газа аймагындагы абал жана гуманитардык жардамга колдоо көрсөтүү тууралуу Биргелешкен билдирүү да кабыл алынды. КДЭКУ ПАнын Президенттиги Болгария Республикасынын Улуттук Жыйынынан Грузия Парламентине өткөрүлдү. Пленардык жыйын 2026-жылдын июнь айында Тбилиси шаарында кийинки жыйын өткөрүлөт деген чечим кабыл алды. Башкы катчынын орун басары Мухаммет Алпер Хаялини ТҮРКПА комиссиясынын катчысы Бауыржан Даткаев коштоп барды.