TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА КазСтандарт менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

ТҮРКПА КазСтандарт менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол койду

Дата
Көрүү
135
2022-жылдын 18-ноябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген ТҮРКПА делегациясы Астана шаарындагы Казакстан Республикасынын Соода жана интеграция министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология комитетинин Казакстандын Стандартташтыруу жана метрология институтуна сапар жасап, Башкы директор Габит Мухамбетов менен жолугушту. Тараптар бири-бирине тиешелүү мекемелердин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат беришип, өз ара кызматташуунун келечегин талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында ТҮРКПА менен КазСтандарт кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумуна кол коюшуп, анда тараптар мекемелердин ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана сапаттуу инфраструктура, экономика, прикладдык изилдөөлөр жана башка тиешелүү тармактарда кызматташуу үчүн өз ара аракеттенүүгө макулдашты.