TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТүркПА: Казакстандын Сенатына болгон шайлоо ачык-айкын өттү

ТүркПА: Казакстандын Сенатына болгон шайлоо ачык-айкын өттү

Дата
Көрүү
128
ТүркПАнын шайлоолор боюнча Эл аралык миссиясы 2017-жылдын 28 июунуда Астанада болуп, Сенаттын жогорку палатасына болгон шайлоого кыска мөөнөттө байкоо салышты. ТүркПАнын байкоочулар кеңешине Азербайжандын Милли Межилисинен депутат Садакат Валиева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен депутат Төрөбай Зулпукаров, Түркиянын Улуу улуттук жыйынынан депутат Мустафа Исен кирген. ТүркПАнын байкоочулар кеңеши шайлоо өнөктүгү учурунда Астанада бир катар жолугушууларды өткөрүштү. Курамында депутаттардан турган байкоочулар миссиясы Казакстандын борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Берик Имашев менен жолугушту. Ошону менен бирге Казакстандын Парламентинин, Тышкы иштер министрлигинин, жергиликтүү бийликтин жогорку кызмат адамдары менен жана шайлоого байкоо салып келген (КМШ ПАА) (ШКУ) өңдүү эл аралык уюумдардын өкүлдөрү менен кезигишти. 29 июунда болгон басма сөз жыйынында ТүркПАнын байкоочулар тобу Казакстан Республикасынын Сенатына болгон шайлоо улуттук мыйзамдарга жана эл аралык шайлоолор боюнча стандартка туура келгенин билдиришип атайы кайрылуу жазашты. Белгилей кетсек аталган иш чарага ТүркПАнын катчылыгынын кызматкерлери дагы көмөктөшкөн.