TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Казакстан Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган конференцияга катышты

ТҮРКПА Казакстан Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган конференцияга катышты

Дата
Көрүү
174
2025-жылдын 28-29-августунда ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр башында турган делегациясы Астана шаарында Казакстан Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгына арналган эл аралык илимий жана практикалык конференцияга катышты. Конференция "Конституция жана мамлекеттүүлүк: мыйзам менен келечектин диалогу" деген темада өттү. Иш-чара Казакстан Республикасынын Конституциялык Соту тарабынан Казакстан Республикасынын Президенттик борбору, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилиси, Казакстан Республикасынын Юстиция Министрлиги, "Парламентаризм институту" мамлекеттик ишканасы, Казакстан элинин Ассамблеясы, Казакстан Республикасынын мыйзамдар жана укуктук маалымат институту, Максүт Нарикбаев университети, Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети жана Эл аралык Астана университети менен биргеликте уюштурулду. Конференцияга 500дөн ашык катышуучу, анын ичинде Казакстандын жана башка мамлекеттердин конституциялык сотторунун судьялары жана укук таануучу окумуштуулар, парламентарийлер, мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаевдин катышуусундагы Салтанаттуу бөлүгү жана конференциянын Пленардык отуруму Эгемендүүлүк сарайында болуп өттү. Өзүнүн кайрылуусунда Президент Касым-Жомарт Токаев Казакстан Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы менен куттуктады. Мамлекет башчысы 30 жыл мурун жалпы элдик референдумда Конституциянын кабыл алынышын тарыхый учур катары белгилеп, Конституция көз карандысыздыктын бекем пайдубалы жана мамлекеттүүлүктү чыңдоонун ишенимдүү жол көрсөткүчү экенин баса белгиледи. Ал мыйзамдын үстөмдүгү адилеттүү коомго жана жарандардын бакубат жашоосуна алып баруучу жол экенин белгилеп, Конституция Казакстан эли үчүн жарык келечекке жол ачкан эң маанилүү документ бойдон кала берерин баса белгиледи. Салтанаттуу бөлүктө Казакстан Республикасынын Конституциялык сотунун Төрайымы Элвира Азимова, БУУнун Казакстандагы туруктуу Координатору Сарангоо Раднаарагчаа, Казакстан Республикасынын Укукчулардын республикалык коллегиясынын Төрагасы Серик Акылбай, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Мыйзам чыгаруу жана сот-укуктук реформа боюнча комитетинин Төрайымы Снежанна Имашева, ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча комитетинин мүчөсү, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүү комитетинин мүчөсү, Өзбекстан Республикасынын Адам укуктары боюнча улуттук борборунун директору Акмал Саидов сөз сүйлөштү. Конференциянын Пленардык отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Казакстан Республикасынын Конституциясынын 30 жылдыгы Казакстан эли үчүн гана эмес, бир тууган элдин ийгиликтерине кубанган алпы Түрк дүйнөсү үчүн дагы сыймыктуу учур экендигин билдирди. Ал Конституцияны тарыхыбыздын күзгүсү жана келечек жолубуздун жол көрсөтүүчүсү деп белгиледи. Башкы катчы тездик менен өзгөрүп жаткан доордо конституциялык баалуулуктарды өзгөрүүлөргө ылайыкташтырып сактоо, конституциялык принциптердин баштапкы рухун жоготпостон актуалдуу бойдон калышын камсыз кылуу жана конституциянын жаңы реалдуулуктарга ыңгайлаша ала турган документ бойдон калуусу өтө маанилүү экенин белгиледи. ТҮРКПАнын ролуна токтолуп, Башкы катчы парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү аркылуу конституциялык принциптерди натыйжалуу ишке ашырууга жана Түрк дүйнөсүндө демократия менен мамлекеттүүлүктү мындан ары да бекемдөөгө өз салымыбызды кошо алабыз деп билдирди. Жыйынтыктап жатып Башкы катчы Казакстан элин тарыхый мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктап, боордош өлкөгө тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалады. Пленардык отурумдун алкагында "Казпочта" АКнын эстелик почта маркасын алып салуу жана Улуттук банк тарабынан чыгарылган эстелик тыйындардын тааныштыруу аземи өттү. Конференция “Теңдиктин, корголуу укугунун жана адилеттүүлүккө жетүү мүмкүнчүлүгүнүн конституциялык кепилдиктери”, “Конституциялык туруктуулук жана коргоо: мыйзам жана тартип — келечектин пайдубалы”, “Мыйзам чыгаруучулук жана конституциялык мыйзамдуулук: мыйзам — келечектин багыттоочусу катары”, “Конституциялык өзгөчөлүк: биримдик, ынтымак жана улуттук туруктуулук” темаларындыгы төрт сессияны камтыды. Конференциянын алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Казакстан Республикасынын Конституциялык сотунун Төрайымы Элвира Азимова жана Конституциялык соттун башка судьялары, Казакстан Республикасынын Юстиция министри Ерлан Сарсембаев жана башка ардактуу коноктор менен жолугушту. Иш-чаранын маданий бөлүгүнүн алкагында катышуучулар Казакстан Республикасынын Президенттик борборунун музейине барышып, «Астана Балет» театрында көрсөтүлгөн «Султан Бейбарс» балетин көрүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди ТҮРКПА Катчылыгынын кызматкерлери Азер Маммадов жана Фуркан Билал Акъюз коштоп жүрүштү.