TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ИКУПБ-нын 16-жыйынына катышты

ТҮРКПА ИКУПБ-нын 16-жыйынына катышты

Дата
Көрүү
124
2021-жылдын 9-10-декабрында Стамбул шаарында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын уюштуруусунда Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Бирлигинин 16-жыйыны болуп өттү. Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров мырза жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы иш-чарага байкоочу катары катышты. Жыйынга ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн парламенттеринин ИКУПБ делегациялары да катышты. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган мырза, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырза, ИКУПБнын Башкы катчысы Моухамед Хоураичи Ниасс мырза жыйындын ачылышында сөз сүйлөштү. Күн тартибине ИКУПБнын Башкы катчысынын баяндамасы, спикерлердин, вице-спикерлердин, делегация башчыларынын жана байкоочулардын кайрылуулары, ошондой эле ИКУПБнын башкы жана аткаруу комитеттеринин башка уюштуруу маселелери каралды. Жыйындын аягында Стамбул декларациясы кабыл алынды. Жыйын Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырзанын жабылыш сөзү менен аяктады.