TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ИКПБнын 19-конференциясына катышты

ТҮРКПА ИКПБнын 19-конференциясына катышты

Дата
Көрүү
164
2025-жылдын 14–15-май күндөрү Башкы катчынын орун басары Сакы Садыков баштаган ТҮРКПА делегациясы Индонезия Республикасынын Парламентинин тарабынан уюштурулуп, Жакарта шаарында өткөн “Натыйжалуу башкаруу жана күчтүү институттар” темасындагы Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Парламенттик Биримдигинин (ИКУ ПБ) 19-конференциясына катышты. ИКПБнын 1999-жылы түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган бул конференцияга Ислам кызматташтык уюмуна мүчө 38 мамлекеттин парламенттик делегациялары катышып, ислам дүйнөсүнө таасир эткен саясий, экономикалык жана социалдык маселелердин кеңири спектрин талкуулашты. Жыйында Башкы Катчынын орун басары Сакы Садыков сөз сүйлөдү. Ал чакыруу жана иш-чаранын мыкты уюштурулгандыгы үчүн кабыл алуучу өлкөгө ыраазычылыгын билдирди. Ал бүгүнкү татаал глобалдык чакырыктарга — климаттык кризистен тартып геосаясий чыңалууга чейинки маселелерге каршы туруу үчүн башкаруу жана институттарды чыңдоонун шашылыш зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле байкоочу тараптын өкүлү катары мыйзам чыгаруу инновациялары, санариптик башкаруу жана жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы алдыңкы тажрыйбалар менен бөлүшүүгө кызыктар экендигин белгиледи. Конференциянын күн тартибине ИКПБнын Башкы катчысынын отчёту, Төрагалардын, Төраганын орун басарларынын, делегация башчыларынын жана байкоочулардын сөздөрү, ошондой эле ИКПБнын Башкы жана Аткаруу комитеттерине байланыштуу ар түрдүү уюштуруу маселелери кирди. Жыйында алдыдагы мөөнөткө Башкы комитеттин жаңы мүчөлөрү шайланды, ошондой эле комитеттин ишинин программасы жана Башкы катчынын баяндамасы, аймактык жана эл аралык форумдарга катышуу жана Башкы Катчылыктын жана катышуучу өлкөлөрдүн парламенттери тарабынан жарыяланган расмий билдирүүлөр талкууланды. Конференция Ислам кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттеринин Төрагаларынын, делегация башчылары жана мүчөлөрү тарабынан Жакарта декларациясын кабыл алуу менен жыйынтыкталды. Башкы Катчынын орун басары Сакы Садыковду ТҮРКПА Катчылыгынын кызматкери Алескер Агаев коштоп жүрдү. ТҮРКПА делегациясы конференцияга байкоочу катары катышты.