TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференция өткөрдү

ТҮРКПА Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган конференция өткөрдү

Дата
Көрүү
159
2023-жылдын 21-ноябрында ТҮРКПА Баку шаарында Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган "Гейдар Алиев жана парламентаризм" аттуу эл аралык конференция уюштурду. Конференциянын алдында делегациялардын катышуусунда азербайжан элинин Улуттук лидери Гейдар Алиевдин Ардак аллеясындагы мүрзөсүнө, Түбөлүк от мемориалдык комплексине, ошондой эле Шейиттер аллеясындагы түрк шейиттеринин эстелигине гүлчамбар коюу аземи болуп өттү. Конференцияга түрк мамлекеттердин парламенттик делегациялары, парламенттер аралык уюмдардын, түрк кызматташтык уюмдарынын жана башка өнөктөш мекемелердин өкүлдөрү, ошондой эле түрк мамлекеттердин Баку шаарында аккредиттелген дипломатиялык миссияларынын жетекчилери катышты. Иш-чараны Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр ачты. Баш катчы өзүнүн ачылыш сөзүндө Гейдар Алиевдин Азербайжан мамлекеттүүлүгүн жана парламентаризм салттарын өнүктүрүүдөгү ролун баса белгиледи. Ал Гейдар Алиевдин түрк мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымына токтолуп, азыркы мезгилде түрк дүйнөсүндө позитивдүү динамикалуу активдүү өнүгүп жаткан кызматташтык улуу лидердин көрөгөч идеяларынын ишке ашырылып келе жатканын билдиргенин белгиледи. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Бекир Боздаг, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөлөрү Ахлиман Амирасланов жана Хикмат Мамедов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Дастанбек Джумабеков, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Ахмет Зенбилжи, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын мүчөсү Шукрат Чуллиев, КДЭКУПАнын Башкы катчысы Асаф Хажиев, Түрк Академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Биринчи президенти Гүнай Афандиева, Азербайжандын Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешиндеги өкүлү Хасан Хасанов жана Баку Юнус Эмре институтунун координатору Селчук Каракылыч конференцияда сөз сүйлөдү. Конференциянын модератору Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты, ТҮРКПАнын Билим берүү, маданият, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү Хикмат Мамедов болду. Катышуучулар Азербайжандын жана бүткүл түрк дүйнөсүнүн тарыхында өчпөс из калтырган Гейдар Алиевдин түрк мамлекеттердин биримдигин жана ынтымагын чыңдоо үчүн жасаган талыкпас аракетине токтолушту. Баардык түрк мамлекеттеринде Гейдар Алиев инсандыгына жана саясий мурасына болгон чоң баа жана терең урмат-сый көрсөтүлүп келе жатканы баса белгиленди. Баяндамачылар азыркы Азербайжан парламентаризминин жаңы этабынын пайдубалында турган Гейдар Алиевдин парламенттин ролун жана беделин жогорулатууга кошкон салымын баса белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик ишмер, Азербайжандын Түрк мамлекеттеринин Аксакалдар Кеңешиндеги өкүлү Хасан Хасанов Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган Түрк академиясы тарабынан азербайжан тилинен түрк тилине которулган "Heydər Əliyev: Parlaq, xarizmatik şəxsiyyət haqqında xatirələr" (Гейдар Алиев: Жаркын, харизматикалык инсан жөнүндө эскерүүлөр) аттуу китебин тартуулады.