ТҮРКПА Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышты
Дата
Көрүү
136
2023-жылдын 1-июнунда Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси, КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясы (КМШ ПАА) жана Парламентаризм жана КМШга мүчө мамлекеттердин демократиялык өнүгүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана жарандарынын шайлоо укуктарын коргоо боюнча Эл аралык институттун Бакудагы филиалы (КМШ ПАА ДӨМЭИ) биргелешип уюштурган, Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган “Гейдар Алиев – азыркы эгемендүү Азербайжандын архитектору жана азербайжан мультикультурализминин негиздөөчүсү” аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чарага КМШга мүчө мамлекеттердин парламентарийлери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустун, министрликтердин, билим берүү жана башка мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Иш-чара КМШ ПАА ДӨМЭИ Баку филиалынын директору Рамин Рзаевдин ачылыш сөзү менен башталды. Ал Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарованын атынан куттуктоо сөзүн айтуу үчүн сөздү Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Илкин Мамедовго берди.
Өз кезегинде КМШ ПАА Башкы катчысынын орун басары Айдын Жафаров Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Федерация Кеңешинин Төрайымы, КМШ ПАА Кеңешинин Төрайымы Валентина Матвиенконун жана КМШ ПААнын Башкы катчысы Дмитрий Кобицкийдин атынан куттуктоо сөзүн сүйлөдү.
Конференция иш-чаранын темасы боюнча катышуучулардын баяндамалары менен уланды. Катышуучулар Гейдар Алиевдин мультикультурализм жана толеранттуулук саясаты, анын Азербайжандын көп кылымдык мультикультурализм жана толеранттуулук салтын өнүктүрүүгө кошкон баалуу салымы тууралуу айтып, улуу лидердин саясий мурасы менен тажрыйбасынын КМШ өлкөлөрү жана дүйнө үчүн маанисин баса белгилешти.
Конференция “Эгемендүү Азербайжан Республикасынын негиздөөчүсү жана архитектору Гейдар Алиевдин 100 жылдыгы” темасында мектеп окуучулары арасында өткөрүлгөн дилбаян сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи менен жыйынтыкталды.