TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА эл аралык парламенттик конференцияга катышты

ТҮРКПА эл аралык парламенттик конференцияга катышты

Дата
Көрүү
145
2025-жылдын 29-октябрында Башкы катчынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли жана Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова Бакуда Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси тарабынан уюштурулган эл аралык парламенттик конференцияга катышты. Азербайжан Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган конференция "Азыркы дүйнөдө Конституция — мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн жана көз карандысыздыгынын негизги таянычы" деген темада өттү. Иш-чарага 20га жакын өлкөнүн парламенттик делегациялары, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Конференциянын алкагында катышуучулар конституциялардын заманбап мамлекеттердин мыйзамдык негиздерин күчөтүүдөгү ролу, ошондой эле мамлекеттик суверендүүлүктү жана улуттук көзкарандысыздыкты коргоо боюнча пикир алмашышты. Конференцияда сөз сүйлөгөн ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза Конституциянын демократиялык мамлекеттин негизи катары ролун баса белгилеп, мыйзам чыгаруу жаатындагы кызматташтыкты жана парламенттер аралык диалогду илгерилетүү боюнча ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.