TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Эл аралык парламентарийлер конгресси менен өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол койду

ТҮРКПА Эл аралык парламентарийлер конгресси менен өз ара түшүнүшүү Меморандумуна кол койду

Дата
Көрүү
145
2023-жылдын 28-апрелинде Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Анкарада өткөн ТҮРКПАнын 12-пленардык отурумунун алкагында Эл аралык парламентарийлер конгрессинин (ЭПК) Башкы катчысы менен жолугушту. Аяз айым 12-пленардык отурумга катышууга чакыргандыгы үчүн Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрге ыраазычылык билдирип, ЭПКнын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Аяз айымга бул маанилүү иш-чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, ЭПК менен болгон мамилелерге өзгөчө маани берээрин белгиледи. Тараптар ТҮРКПА менен ЭПК ортосундагы кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алмашышты. Жолугушуунун соңунда тараптар эки уюмдун ортосундагы кызматташтыктын көлөмүн белгилеген өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.