TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ЭКУПАнын Үчүнчү Башкы конференциясына катышты

ТҮРКПА ЭКУПАнын Үчүнчү Башкы конференциясына катышты

Дата
Көрүү
119
2022-жылдын 17-майында Башкы катчы Мехмет Сурейя Эр мырза жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинде уюштурулган Экономикалык Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Ассамблеясынын (ЭКУПА) “Пандемиядан кийинки мезгилдеги кызматташтык: чакырыктар жана калыбына келтирүү үчүн мүмкүнчүлүктөр» темасындагы Үчүнчү Башкы конференциясына катышты. Иш-чарага ТҮРКПАга мүчө парламенттердин башчылары жана алардын орун басарлары баштаган парламенттик делегациялар катышты. Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова айым Конференцияда ачылыш сөзүн жасады. Гафарова айым ЭКУПАга төрагалыктын Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук Ассамблеясынан Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисине өткөрүлүп берилгендигин билдирди. Конференцияга катышкан делегациялардын башчылары – Пакистан Ислам Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Төрагасы Ража Перваиз Ашраф мырза, Тажикстан Республикасынын Мажлиси Олинин Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Махмадтохир Зокирзода мырза, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп мырза, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов мырза, Иран Ислам Республикасынын Парламентинин Төрагасынын орун басары Али Никзад мырза, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Балаим Кесебаева айым жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Улан Примов мырза иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөштү. Делегациялардын башчылары мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономика, соода, транспорт, туризм тармактары боюнча өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана бул контекстте парламенттердин ролун күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Тараптар конференциянын региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүүдөгү, ошондой эле парламенттик делегациялардын эки тараптуу жана көп тараптуу мамилелерин чыңдоодогу маанисине өзгөчө көңүл бурушту. Иш-чара Баку декларациясына кол коюу менен жыйынтыкталды.