TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ЕККУнун Азия конференциясына катышты

ТҮРКПА ЕККУнун Азия конференциясына катышты

Дата
Көрүү
131
2022-жылдын 15-июнунда Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов Швециянын Тышкы иштер министрлиги жана Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) биргелешип уюштурган ЕККУнун Азия конференциясына катышты. Конференция Венада гибрид форматында болуп өттү. Конференциянын темасы "Бардыгы үчүн жана бардыгы тарабынан коопсуздукту чыңдоо: Европа менен Азиянын ортосундагы өз ара аракеттенүү жана кызматташтык үчүн синергетика жана мүмкүнчүлүктөр" болгон. Программа ачылыш аземин жана “Ишенимди, тынчтыкты жана коопсуздукту бекемдөөдө аялдардын ролу – Европа менен Азиянын ортосундагы тажрыйба жана алынган сабак менен алмашуу”; “Климатка байланыштуу коопсуздук көйгөйлөрү жана Кызматташтык үчүн мүмкүнчүлүктөр – Стокгольм чечимине таянуу менен” жана “ЕККУ менен Азиялык өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо жарандык коомдун ролу” деп аталган үч сессияны камтыган. Элчи, Швециянын ЕККУдагы Туруктуу өкүлү, ЕККУнун Азиялык өнөктөштөр тобунун Төрагасы Улрика Фунеред төрайымдык кылган конференцияда кызмат адамдары, эл аралык уюмдардын жана дипломатиялык корпустун жетекчилери чогулушту. Коопсуздуктун негизги чакырыктары катары Ооганстан менен Украинадагы азыркы кырдаал, террордук коркунуч жана дүйнөдөгү постпандемия кырдаалы, ошондой эле климаттын өзгөрүүсү каралды. Катышуучулар эл аралык кызматташтыктын эффективдүү механизмдери жана глобалдык масштабда тынчтыкты жана коопсуздукту мыйзамдык жактан камсыздоону жакшыртуу боюнча пикир алмашышты.