ТҮРКПА делегациясы ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынына катышты
Дата
Көрүү
127
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы 2022-жылдын 30-31-мартында 2022-жылкы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланган Бурса шаарында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган ТҮРКСОЙдун Маданият министрлеринин Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынына катышты.
Бурсадагы ТҮРКСОЙдун иш-чаралары 2022-жылдын 30-мартында Бурса губернатору Якуп Жанболат мырзанын конок делегациялардын башчыларын тосуп алуусу менен башталды. Иш-чара Осман Гази жана Орхан Газинин күмбөздөрүн зыярат кылуу, Улуу Гвардиянын аземин, андан соң 2022-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурсанын Координациялык борборунун ачылыш аземин көрүү, Түрк дүйнөсүнүн маданий борборлоруна арналган фото көргөзмө жана башка маданий иш-чаралар менен уланды. Бурса шаардык муниципалитетинин мэри Алинур Акташ мырза конок делегацияларды мэриянын тарыхый имаратында кабыл алды.
Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурса шаарындагы жыйын Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой мырзанын төрагалыгы астында болуп өттү. Түрк дүйнөсүнүн 2022-жылдагы маданий борбору Бурса шаарынын ачылыш аземи Нооруз отунун жагылышы менен коштолду. Иш-чарага мүчө-өлкөлөрдүн маданият министрлери менен орун басарлары, эл аралык уюмдардын жана улуттук академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышты.
2022-жылдын 31-мартында делегациялардын башчылары ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин кезексиз жыйынында сөз сүйлөштү. Туруктуу кеңеш бир катар орчундуу чечимдерди кабыл алды. ТҮРКСОЙдун жаңы Баш катчысы кызматына Султан Раев мырза шайланды. Ал эми Азербайжандын Шуша шаары 2023-жылкы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жарыяланды.
Эки күндүк иш-чаранын алкагында Башкы катчы Түрк мамлекеттеринин делегациялардын башчылары менен жолугушууларды өткөрдү. Тараптар Түрк дүйнөсүндөгү парламенттер аралык кызматташтыктын перспективалары жана жалпы кызыкчылыкты жараткан башка маселелер боюнча пикир алмашышты.