ТҮРКПА делегациясы Түрк дүйнөсүнүн балдарынын биримдигине арналган иш-чарага катышты
Дата
Көрүү
121
2022-жылдын 22-апрелинде Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиянын 9-жыйынынын алкагында ТҮРКПАнын мүчө-өлкөлөрүнүн парламентарийлери жана эксперттери, ошондой эле Катчылыктын өкүлдөрүнөн турган делегация 23-апрель Түркиянын Улуттук эгемендүүлүк жана балдар күнүнө арналган “Түрк дүйнөсүнүн балдарынын биримдиги” аттуу иш-чарага жана Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан уюштурулган азербайжандык сүрөтчү Ковсар Гурбандын сүрөт көргөзмөсүнө катышты. Иш-чарага түрк мамлекеттеринин элчилери жана башка расмий адамдар да катышты.
Иш-чара түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий байланыштарды мындан ары да чыңдоо жана өсүп келе жаткан муундарды түрк дүйнөсүнүн материалдык жана руханий баалуулуктары менен тааныштыруу максатында уюштурулган.
Майрамдык салтанатта Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түркмөнстандын атынан катышкан улуттук кийимчен балдар ыр ырдап, бийлеп, улуттук музыкалык аспаптарда ойноп, түрк дүйнөсүнүн тилектештигин билдирген ырларды окушту. Спектаклдердин жүрүшүндө балдарга коноктор тарабынан сертификаттар жана белектер тапшырылды.