TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА делегациясы Ташкентке сапарга аттанды

ТҮРКПА делегациясы Ташкентке сапарга аттанды

Дата
Көрүү
120
2021-жылдын 21-июнунда ТҮРКПА укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар Комиссиясынын Төрагасы, Түркия Улуу Улуттук Жыйынын депутаты Исмет Учма мырза башкарган ТҮРКПА делегациясы Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлистин Сенатынын Төраганын Биринчи орун басары Содик Сафоев жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Вице-спикери Алишер Кадыров менен жолугушууну өткөрдү. Парламенттин башчыларынын орун басарлары делегация менен саламдашып парламенттер аралык кызматташтыкты өркүндөөтүнө ТҮРКПАнын ролун баса белгилешти. Алардын айтымында, Өзбекстан региондогу саясаттык жана экономикалык кызматташтыктын өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурат, айрыкча инвестициялардын илгерилөөсүнө, экономикалык жана бизнес климатынын жакшыртуусуна. Өз кезегинде, делегация түрк дүйнөсү менен региондун туруктуу өнүгүүсү үчүн Өзбекстандын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, тараптар Өзбекстантын Ассамблеяга жакын келечекте мүмкүн киришин талкуулап, түрк тилдүү өлкөлөрдүн арасындагы кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашышты.