ТҮРКПА делегациясы ПАБдын 151-жыйынына катышууда
Дата
Көрүү
155
2025-жылдын 20-октябры күнү ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан жетектеген делегациясы Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан Парламенттер аралык биримдиктин (IPU) 151-жыйынына жана ага байланышкан жыйындарга байкоочу катары катышууда.
Бул иш-чаранын алкагында ПАБдын бардык уставдык органдары болгон Башкаруу Кеңеши, Туруктуу комитеттер, Парламентарийлердин адам укуктары боюнча комитети, Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча комитеттин жыйындары, Аял парламентарийлердин форуму жана Жаш парламентарийлердин форуму өткөрүлүп жатат.
ТҮРКПА делегациясы Башкаруу Кеңешинин жыйынына катышып, кийинчерээк “Кризис маалында гуманитардык нормаларды сактоо жана гуманитардык аракеттерди колдоо” темасына арналган Ассамблеянын жалпы талкуусуна кошулат.
Ассамблея ПАБдын Вице-президенти Габриэла Моравска-Станецка айымдын жана ПАБдын Башкы катчысы Мартин Чунгонг мырзанын ачылыш сөздөрү менен башталды. Иш-чарага ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин парламент башчылары Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Сахиба Гафарова, Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, ошондой эле башка Түрк өлкөлөрдүн парламенттеринин Төрагалары катышууда.
ТҮРКПА делегациясы бардык иш-чараларга, анын ичинде талкууларга жана дебаттарга активдүү катышууда.
Башкы катчы Элчи Рамил Хасан ПАБдын Башкы катчысы Мартин Чунгонг жана башка эл аралык уюмдардын жетекчилери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Ошондой эле анын Ассамблеяда сөз сүйлөөрү күтүлүүдө.
Жыйындын алкагында Башкы катчы Элчи Рамил Хасан Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ал ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө кыскача сереп салып, Өзбекстандын толук кандуу мүчө болуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу Өзбекстан менен ТҮРКПАнын ортосундагы талкууларды демилгелөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Танзила Нарбаева бул маселеде Өзбекстандын активдүү позициясын баса белгилеп, өлкөнүн жакын арада мүчөлүк кылуу жараяндарын баштоо ниетин ырастады. Ошондой эле кызматташтыкты мындан ары бекемдөө максатында Өзбекстанга расмий сапар уюштуруу макулдашылды.
Башкы катчыны Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов коштоп жүрөт.
ПАБдын 151-жыйыны 2025-жылдын 23-октябрына чейин уланат.