ТҮРКПА делегациясы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болду
Дата
Көрүү
130
2022-жылдын 13-январында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) Биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев менен жолугушту. Проректор, проф. Мустафа Орчан, Башкы катчы Доц., док. Октай Өзгүл, Тышкы иштер башкармалыгынын Директору Кадри Аггүн, Радио жана телекөрсөтүү башкармалыгынын Директору, Басма сөз жана коомчулук менен байланыштар боюнча Директордун орун басары Док. Бүлент Намал да жолугушууга катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кулмырзаев мырза университеттин ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берип, КТМУ "QS" (Quacquarelli Symonds) рейтинги боюнча Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы эң мыкты 451 университеттин арасында 156-орунду ээлегенин баса белгиледи. Рейтинг 30 өлкөнүн университеттерин 10 түрдүү критерий боюнча баалоо жолу менен түзүлөт. QS рейтинги дүйнөдөгү эң популярдуу университет рейтингдеринин бири катары белгилүү.
Өз кезегинде Башкы катчы университетти Борбор Азиядагы эл аралык деңгээлде таанылган талаптарга жооп берген алдыңкы университеттердин бири катары жогору баалап, ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан академиялык жетишкендиктердин натыйжасында ар түрдүү тармактарда, анын ичинде билим берүү жана илим жааттарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоодогу университеттин ролун белгиледи.
Иш сапардын алкагында Башкы катчы "MEDIAMANAS Live TV" жана "Anadolu" агенттигине интервью берди. "МЕДИА МАНАС" – Кыргызстан жана Борбордук Азиядагы эң заманбап жабдыктарга менен камсыздалган телестудиясы жана радиоканалы бар университеттин медиа борбору. Борбордон университеттин кызматкерлери гана эмес, башка мамлекеттик жана жеке телеканалдар, музыканттар, продюсердик студиялар да пайдаланышат. Түркиянын жана Кыргызстандын абройлуу медиа уюмдарында көп жылдан бери иштеп келген тажрыйбалуу командасы менен бирге борбор заманбап кызматтарды сунуштайт.