TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА делегациясы КМШ ПААнын пленардык жыйынына катышты

ТҮРКПА делегациясы КМШ ПААнын пленардык жыйынына катышты

Дата
Көрүү
118
2019-жылдын 19-апрелинде Башкы катчы Алтынбек Мамаюсупов баштаган ТҮРКПАнын делегациясы Санкт-Петербург шаарындагы Таврика сарайында өткөн КМШ ПААнын 49-пленардык жыйынына катышты. Жыйынга КМШ ПААга мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин делегациялары жана эл аралык уюмдар менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрү катышышты. Жыйындын ачылышынан кийин баяндамачылар КМШ ПААнын туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү менен эксперттер тарабынан даярдалган типтүү мыйзамдарды тааныштырышты. Пленардык жыйын КМШ ПААнын мүчөлөрүнүн катышуусунда басама сөз жыйыны менен жыйынтыкталды. КМШ ПААнын пленардык жыйынынын алкагында Башкы катчы Азербайжан Республикасынын Милли Меджилисинин төрагасы Октай Асадов, Казакстан Республикасынын Парламент Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана ошондой эле ТҮРКПАга мүчө өлкөлөрдүн делегациялары бийик даражалуу өкүлдөр менен жолугушту. Иш-чаранын алкагында ТҮРКПА мүчө өлкөлөрүнүн парламент төрагалары эки тараптуу жолугушууларды өткөрүштү.