TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА делегациясы Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик Бирлигинин 13-сессиясына катышууда

ТҮРКПА делегациясы Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик Бирлигинин 13-сессиясына катышууда

Дата
Көрүү
117
16-январда Иран Ислам Республикасынын борбору Тегеранда өтүп жаткан Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик Бирлигинин 13-сессиясына Башкы катчысы А.Мамаюсупов башында турган ТҮРКПА делегациясы байкоочу катары катышууда. Иш-чара Иран парламенти тарабынан уюштурулган. Иш-чарага ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн - Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын жана Түркиянын делегациялары да катышууда. Түркия Республикасынын делегациясын Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман баштап келген. Иш-чаранын алкагында ТҮРКПА Башкы катчысы А.Мамаюсупов Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахраман жана ТҮРКПАга мүчө-өлкөлөрдүн делегациялары, ошондой эле башка жогорку даражалуу өкүлдөр менен жолугушту. Эске салсак, ТҮРКПА 2011-жылдан тарта Ислам кызматташтык уюмунун Парламенттик Бирлигинин конференциясына жана башка жыйындарына байкоочу катары катышып келет.