TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА делегациясы ЕККУ ПАнын 23-күзгү жыйынына катышты

ТҮРКПА делегациясы ЕККУ ПАнын 23-күзгү жыйынына катышты

Дата
Көрүү
154
Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан жетектеген делегациясы 2025-жылдын 17–19-ноябрында Стамбул шаарында өткөн ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын 23-күзгү жыйынына катышты. Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын кабыл алуусу менен өткөн күзгү жыйындын алкагында “ЕККУнун 50 жылдыгы: диалог жана кызматташтык аркылуу көп тараптуулукту жандандыруу” темасы алдында парламенттик конференция, ачылыш жыйыны, үч тематикалык сессия, Жер Ортолук деңиз форумунун жыйыны, ошондой эле туруктуу комитеттин жыйыны өткөрүлдү. Расмий программанын жүрүшүндө ТҮРКПАнын делегациясы өнөктөш жана байкоочулар уюмдар үчүн ачык болгон негизги жыйындарга катышып, ЕККУнун бүткүл аймагындагы диалог, ортомчулук, аймактык байланыштар, адамдык кадыр-барк жана парламенттер аралык кызматташтык тууралуу талкууга өз салымын кошушту. Күзгү жолугушуунун алкагында ТҮРКПА Түрк мамлекеттердин парламенттеринин ортосундагы институционалдык өз ара аракеттешүүнү жана синергияны күчөтүүгө багытталган улуттук делегациялардын биринчи координациялык жыйынын уюштурду. Иш-сапар учурунда Башкы катчы Рамил Хасан Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы проф., доктор Нуман Куртулмуш жана ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын Башкы катчысы Роберто Монтелла мырза менен да жолугушууларды өткөрдү. Талкуулар келечектеги кызматташууну кеңейтүүгө, көп тараптуу өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө жана жалпы парламенттик максаттарды мындан ары илгерилетүүгө бекем негиз түздү. Расмий сапар учурунда Башкы катчыны анын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли жана комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова коштоп жүрүштү.