ТҮРКПА Дайынсыз жоголгондордун көйгөйүн чечүү боюнча эл аралык конференцияга катышты
Дата
Көрүү
157
2024-жылдын 2-октябрында Башкы катчынын орун басары Сакы Садыков Азербайжандын Аскердик туткундар, барымтадагылар жана дайынсыз жоголгондор иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин Азербайжан Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу астында уюштурулган "Дайынсыз жоголгондордун көйгөйүн чечүү: үй-бүлөлөрдүн маалымат алуу укугун коргоо" аттуу эл аралык конференцияга катышты.
Иш-чарага эл аралык уюмдардын, тиешелүү тармакта иш алып барган чет өлкөлүк мекемелердин өкүлдөрү жана эксперттери, ошондой эле дайынсыз жоголгондордун үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
Конференциянын ачылышында Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиевдин конференциянын катышуучуларына кайрылуусу окулду. Мамлекет башчысы өз кайрылуусунда Азербайжан эл аралык коомчулуктун жооптуу мүчөсү катары куралдуу кагылышуулар учурунда дайынсыз жоголгон адамдардын көйгөйүн өзүнүн гана көйгөйү катары эмес, дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү туш болгон глобалдык көйгөй катары карай турганын белгиледи. Ал ошондой эле бул маселеге зарыл эл аралык көңүл бурууну камсыздоо үчүн БУУнун алкагында дайынсыз жоголгондордун маселеси боюнча атайын механизм түзүү керектигин кошумчалады.
Иш-чара дүйнөдөгү дайынсыз жоголгон адамдардын көйгөйү тууралуу кыска метраждуу тасма көрсөтүү менен уланды.
Киришүү сессиясы "Дайынсыз жоголгондордун көйгөйү ишеним, элдешүү жана тынчтык орнотуу процесстеринде"; "Үй-бүлөлөрдүн маалымат алуу укугун коргоо жана жана алардын муктаждыктарын канааттандыруу"; "Дайынсыз жоголгондордун үй-бүлөлөрүнүн тажрыйбасы: алардын муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн аныктоо жана аларга жооп берүү, кызматташуу жана өнөктөштүк багыттары" жана "Дайынсыз жоголгон адамдардын сөөктөрүн издөө, калыбына келтирүү жана криминалистикалык идентификациялоонун жүрүшү жана көйгөйлөрү" деген темаларда төрт панелдик сессия менен уланды.
3-октябрда конференциянын экинчи күнүндө Сырхаванд айылында табылган сөөктөрдү эксгумациялоо процессине байкоо жүргүзүү үчүн Агдара районуна жана Шуша шаарына сапар уюштурулду.