ТҮРКПА COP29 иш-чараларына катышып жатууда
Дата
Көрүү
160
2024-жылдын 13-ноябрында Башкы катчынын орун басары Сакы Садыков Кыргызстан Азербайжан жана Монголия менен биргеликте 2024-жылдын 11-ноябрынан 22-ноябрына чейин Азербайжандын Баку шаарында өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык Конвенциясына Тараптардын Конференциясынын 29-сессиясынын (COP29) алкагында уюштурган Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор жана климаттын өзгөрүүсү темасын жайылтуу боюнча Жогорку деңгээлдеги диалогго катышты.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсух, Непалдын Президенти Рам Чандра Паудел, Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов жана башка жогорку даражалуу кызмат адамдары катышты.
Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө эл аралык коомчулукту климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу болгон тоолуу өлкөлөрдү, алардын глобалдык парник газдарынын эмиссиясына эң аз салым кошконуна карабастан, аларга колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө чакырды.
Өз кезегинде министр Жейхун Байрамов белгилегендей, тоолордогу мөңгүлөрдүн эриши, анын кесепетинен болгон сел, жер көчкү сыяктуу кырсыктар системалуу чараларды көрүүнү талап кылат. Министр тоолуу аймактарда жашаган элдерди коргоо үчүн зарыл иштерди жасоо, ошондой эле чечимдерди издөөдө кызматташууну күчөтүү зарылдыгын билдирди.
COP29 алкагындагы иш-чалалардын жүрүшүндө парник газдарынын эмиссиясын азайтуу боюнча чаралар, климатты каржылоо, энергетикадагы технологиялык инновациялар, жаш муундарды тарбиялоо жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө багытталган жаштардын демилгелерин колдоо сыяктуу маселелер талкууланып жатууда.
Иш-чарага катышуунун алкагында Сакы Садыков "Кыргызстан: тоолуу аймактарды туруктуу негизде өнүктүрүү" деген жалпы темадагы улуттук павильонуна жана министрликтердин жана мекемелердин катышуусу менен климаттын кун тартибинин актуалдуу маселелери боюнча презентациялар өткөрүлүп жаткан башка өлкөлөрдүн павильондоруна баш бакты.