ТҮРКПА БУУнун Контртеррористтик башкармалыгынын тегерек столуна катышты
Дата
Көрүү
127
2021-жылдын 14-15-декабрында Катардын Доха шаарында Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров БУУнун Контртеррористтик башкармалыгына (БУУ КБ) караштуу БУУнун Контртеррористтик борбору (БУУ КР) жана жана БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча регионалдык борбору (БУУ БАРБ) биргелешип уюштурган «Терроризмге жана терроризмге көмөктөшүүчү зомбулук экстремизмге каршы күрөшүү боюнча Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашырууда парламентарийлердин ролу» аттуу эки күндүк тегерек столго катышты.
Иш-чара үч панел түрүндө уюштурулуп, “STRIVE Asia” (Азияда зордукчул экстремизмге каршы туруктуулукту жогорулатуу) демилгесинин, ошондой эле БУУ КР жана БУУ БАРБдын регионалдык биргелешкен долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.
Башкы катчынын атайын өкүлү жана БУУ БАРБ башчысы Наталья Герман айым жана БУУ КРнын Атайын долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Мауро Миедико мырза ачылыш сессиясында сөз сүйлөштү.
Тегерек столдун максаты Борбордук Азиянын парламентарийлеринин, ошондой эле парламенттик ассамблеялардын жана эл аралык уюмдардын ортосундагы Улуттук иш-аракеттер пландарын (УИП) иштеп чыгууда парламентарийлердин ролу жөнүндө баарлашууну баштоо болгон. Катышуучулар бул жааттагы эл аралык стандарттарды жана мыкты тажрыйбаларды, ошондой эле тоскоолдуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү карап чыгышты жана спикерлер терроризмсиз келечекке жетишүү үчүн коопсуздуктун учурдагы чакырыктарын биргелешип чечүүгө умтулгандыктарын баса белгилешти. Иш-чарага Борбордук Азия өлкөлөрүнөн 80ден ашуун катышуучу, анын ичинде парламенттин жана парламент ассамблеяларынын мүчөлөрү, зомбулук экстремизмдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча адистер, БУУнун агенттиктери, ошондой эле эл аралык, аймактык жана адистештирилген уюмдар катышкан.
Борбордук Азия өлкөлөрүнүн парламентарийлери өз өлкөлөрүнүн Улуттук иш-аракеттер пландары (УИП) боюнча презентацияларын жасашкан.
Презентациялар Улуттук иш-аракеттер пландарын ишке ашырууда Парламенттик ассамблеялардын ролу жана БУУнун парламентарийлер менен кызматташуусу боюнча жыйындары менен уланган.