ТҮРКПА "Борбордук Азия жана жасалма интеллекттин глобалдык этикасы: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык конференцияга катышты
Дата
Көрүү
161
ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Сакы Садыков жетектеген делегация 2025-жылдын 23-апрелинде Астанада өткөн "Борбордук Азия жана жасалма интеллекттин глобалдык этикасы: чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр" аттуу эл аралык конференцияга катышты. Бул иш-чара Казакстан Республикасынын Президенттик борбору тарабынан, ЮНЕСКОнун Алматыдагы аймактык кеңсеси менен кызматташтыкта уюштурулган.
Конференцияда мамлекеттик башкаруу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, илим жана санариптик экономика тармактарында жасалма интеллектти колдонууда этикалык алкак жана эл аралык кызматташтык маселелери талкууланды.
Бул конференция жасалма интеллекттин өнүгүшүн жана аны коомдук чөйрөлөрдө этикалык колдонуу маселелерин талкуулай турган маанилүү аянтча болуп берди. Иш-чарага саясатчылар, жарандык коом уюмдарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын делегаттары, жасалма интеллект изилдөөчүлөрү, илимпоздор, программалык камсыздоо боюнча адистер жана инженерлер катышты.
ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Сакы Садыков конференцияда сөз сүйлөп, жасалма интеллект коомдо жарата турган пайдасы жана коркунучтары тууралуу айтып өттү. Ал алгоритмдердин ачык-айкындуулугу, жасалма интеллекттин катачылыктары үчүн ким жооп берери жана бул технология социалдык теңсиздикти күчөтөбү деген суроолор бүгүнкү күндө өзгөчө актуалдуу экенин белгиледи.
Садыков мырза киберкоопсуздукту бекемдөөнүн жана коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Борбордук Азия аймагынын маданий баалуулуктары менен салттарын эске алган, жасалма интеллект үчүн этикалык алкакты түзө турган атайын укуктук ченемдерди кабыл алууга чакырды.
Конференциянын артынан ТҮРКПА делегациясы Президенттик маданият жана музей борборундагы музейге барып, экскурсияга катышты. Иш-чаранын соңунда Садыков мырза музейдин эскерүү китебине эстелик жазуусун калтырды.
Башкы катчынын орун басары Сакы Садыковду ТҮРКПА Катчылыгынын кызматкери, ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун аткаруучу катчысы Серхат Уйсал коштоп жүрдү.