TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Биринчи Түрк дүйнөсүнүн жаштар форумуна катышты

ТҮРКПА Биринчи Түрк дүйнөсүнүн жаштар форумуна катышты

Дата
Көрүү
184
2024-жылдын 21-22-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегация Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (КазМУ) биргелешип Казакстандын Алматы шаарында уюштурган Биринчи Түрк дүйнөсү жаштар форумуна катышты. Форумдун ачылыш аземине Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин ректору Жансейит Түймебаев, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, Казакстан Республикасынын Илим жана жогорку билим берүү вице-министри Дархан Ахмед-Заки, Алматы шаарынын акиминин орун басары Азамат Калдыбеков, Мекендештер фондунун эл аралык кызматташуу департаментинин башкаруучу директору Ержан Мукаш жана зор ийгиликтерге жетишкен жаш активисттер катышты. Ачылыш аземи түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарынан келген жаштардын өнөрлөрүнүн көрөтүүсү менен коштолду. Ачылыш аземинин алдында сыйлуу коноктор үчүн ТҮРКСОЙдун көргөзмөсү уюштурулуп, анда түрк элдердин салттуу тамактары, кол өнөрчүлүгү, бий жана музыкалык өнөрлөрү, ошондой эле түрк жаштарынын сүрөт көргөзмөсү тартууланды. Форумдун ачылыш аземинен кийин жогорку даражалуу жетекчилер Аль-Фараби атындагы КазМУнун журналистика факультетинде ТҮРКСОЙ Медиа билим берүү жана изилдөө борборунун ачылыш аземине катышты. Форумдун жүрүшүндө "Мотивациялуу маектер", "Түрк дүйнөсүнүн ийгиликтүү жаштарынын талкуу сессиясы", "Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын жалпы жана жеке көйгөйлөрү", "Диаспора жаштарынын жолугушуусу" сыяктуу панелдик сессиялар уюштурулду. Жаштардын кызматташтыгын чыңдоо максатында форумда "Жаштар кечеси", "Таанышуу" программасы жана маданий программалар да өткөрүлдү. Форум Аль-Фараби атындагы КазМУ студенттери тарабынан даярдалган гала-концерти менен аяктады. Кезектеги Форумду Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөрүү чечими кабыл алынды. Түрк дүйнөсүнүн Биринчи жаштар форумуна 25 өлкөдөн 200дөн ашык жаштар катышты. Форумдун жүрүшүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди комиссия катчылары Бауыржан Даткаев жана Назгүл Жолдошова коштоп жүрүштү.