ТҮРКПА Бахтияр Вахабзаденин 100 жылдыгына карата досторун чогултту
Дата
Көрүү
152
Азербайжан адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, акын, драматург, адабият таануучу, педагог, коомдук ишмер жана академик, Азербайжандын Эл акыны Бахтияр Вахабзаденин 100 жылдык мааракесине карата досторунун жолугушуусу 2025-жылдын 29–30-сентябрында Баку жана Шеки шаарларында Юнус Эмре институтунун Бакудагы борбору жана Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин Шеки филиалынын колдоосу менен ТҮРКПА тарабынан уюштурулду.
Иш-чарага Бахтияр Вахабзаде менен дос жана жакындан тааныш болгон парламент мүчөлөрү, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эл аралык уюмдардын, академиялык жана маданий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү жана Бахтияр Вахабзаденин үй-бүлө мүчөлөрү катышты.
29-сентябрда катышуучулар Ардактуу аллеядагы Азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин, көрүнүктүү офтальмолог, академик Зарифа Алиева жана Бахтияр Вахабзаденин мүрзөлөрүн зыярат кылышты. Андан кийин катышуучулар Шейиттер аллеясына барышты.
Иш-чаранын Баку шаарындагы бөлүгү ТҮРКПАнын Катчылыгында өттү. TҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр ачылыш сөзүн сүйлөп, андан соң иш-чаранын Баку бөлүгүнүн модератору – Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү жана TҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү Хикмат Маммадовго сөз берди.
Иш-чаранын бул бөлүгүндө Азербайжандагы Ататүрк борборунун директору Низами Жафаров, Азербайжандын Эл акыны, коомдук жана саясий ишмер Сабир Рустамханлы, ошондой эле Түркиянын Экономикалык жана социалдык изилдөөлөр борборунун президенти, саясатчы, мурдагы парламент мүчөсү Ибрахим Эртан Юлек сөз сүйлөштү.
Иш-чаранын экинчи жана негизги бөлүгү 30-сентябрда Бахтияр Вахабзаденин кичи мекени болгон Шеки шаарында өтүп, аны Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин Шеки филиалы өткөрдү.
Иш-чаранын Шеки шаарындагы бөлүгүндө Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү жана TҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын мүчөсү Жаваншыр Фейзиев модератор болду.
Программанын жүрүшүндө Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин Шеки филиалынын директору Вургун Маммадов, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын мүчөсү Жаваншыр Фейзиев, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, Түркия Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Ыйгарым укуктуу элчиси Бирол Акгүн, Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү, мамлекеттик ишмер Хасан Хасанов, Түркиянын Экономикалык жана социалдык изилдөөлөр борборунун президенти, саясатчы, мурдагы парламент мүчөсү Ибрахим Эртан Юлек, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы Осман Местен, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Али Масимли, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү, ТҮРКПАнын Билим берүү, маданий, социалдык жана гуманитардык маселелер боюнча комиссиясынын мүчөсү, Түркия Республикасынын мурдагы Билим берүү министри Махмут Өзер, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин мүчөсү Вугар Искендеров, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын мүчөсү Филиз Кылыч, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү, ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын мүчөсү Кадим Дурмаз, Ташкент колдонмо илимдер университетинин профессору Козакбой Юлдашев, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Чет тилдер жогорку мектебинин улук окутуучусу, кыргыз акыны Алтынбек Исмаилов, Өзбекстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Өзбекстан мамлекеттик дүйнөлүк тилдер университетинин доценти Тохир Каххоров, Кавказ университетинин профессору Митат Дурмуш, Өзбекстандын Наманган облусунун “Мураббий” гезитинин башкы редактору, акын Дилбархон Хайдарова, Азербайжан мамлекеттик педагогикалык университетинин Шеки филиалынын Гуманитардык илимдер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Вагиф Аслан, Стамбул университетинин Укук факультетинин деканы Фетхи Гедикли, Азербайжан жазуучусу, укукчу Икрам Абдуллаев, Жаштарга көмөк көрсөтүү фондунун өкүлү Элдар Каримов жана Бахтияр Вахабзаденин небереси Чингиз Садигов сөз сүйлөштү.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз сөзүндө бул маараке Түрк дүйнөсүнүн адабий, маданий жана интеллектуалдык тарыхында өзгөчө орунду ээлеген жана терең ойлору менен адабий, философиялык мурасыбызды байыткан улуу акындын рухуна жана мурасына болгон сый-урматыбызды дагы бир жолу билдирүүнүн маанилүү мүмкүнчүлүгү экендигин белгиледи. Ал Бахтияр Вахабзаденин Түрк дүйнөсүнүн улуу уулу экенин, чыгармаларын эркиндик идеалдарына, улуттук рухка жана биримдикке арнап, көз карандысыздык идеологиясына берилгендикти чагылдырганын, анын поэзиясы чындык жана адамдык абийирди камтып, кыйын учурларда жүрөктөргө эрдикти, сыймык менен үмүттү тартуулаганын баса белгиледи.
Бахтияр Вахабзаденин чыгармачылыгы адабият жана маданият биздин биримдигибизге күчтүү көпүрө экенин эске салып, Башкы катчы улуу акын өз эли үчүн парламентарий катары да кызмат кылганын, калеми жана илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү менен Түрк дүйнөсүнүн адабиятына баалуу салым кошконун белгиледи. Ал мындай мааракелерди белгилөө жалпы иденттүүлүктү бекемдөө, маданий байланыштарды тереңдетүү жана мурункулардын акылмандыгын, идеяларын жана ойлорун жаш муундарга жеткирүү жагынан да чоң мааниге ээ экенин айтты.
Жыйынтыктап жатып Башкы катчы Бахтияр Вахабзаденин өлбөс-өчпөс чыгармалары мындан ары да элдерибизди шыктандырып, Түрк биримдигин бекемдөөдө салым кошооруна ишенимин билдирди.
Иш-чаранын катышуучулары Бахтияр Вахабзаденин чыгармачылыгы Мекенди жана Эне тилди сүйүүгө, адеп-ахлактык баалуулуктарга берилгендик жана Түрк элдеринин боордоштугуна чексиз ишеним сыяктуу баалуулуктарды өнүктүрүүдөгү жана жайылтуудагы ролун баса белгилешти. Акындын достору жана анын менен жакындан тааныш болгон иш-чаранын катышуучулары, Бахтияр Вахабзаде менен өткөргөн учурлары жана жеке баарлашуулары тууралуу жылуу эскерүүлөрүн бөлүшүштү. Катышуучулар акындын чыгармачылыгы жана анын инсандыгынын өзгөчөлүгү бүткүл Түрк дүйнөсүндө жогору бааланарын сыймыктануу менен белгилешти.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар Бахтияр Вахабзаденин үй-музейине, ошондой эле Шеки Хандарынын сарайына барышты. Бахтияр Вахабзаденин үй-музейинде катышуучулар акындын жеке буюмдары, кол жазмалары, сүрөттөрү жана анын өмүр жана чыгармачылык жолун чагылдырган бай адабий мурастары менен таанышышты.
Иш-чара Шеки шаарындагы Бахтияр Вахабзаденин эстелигине гүл коюу аземи менен жыйынтыкталды.
Бахтияр Вахабзаденин 100 жылдык мааракеси Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев тарабынан 2025-жылдын 21-февралында кол коюлган тиешелүү Жарлыкка ылайык уюштурулган иш-чаралар менен белгиленип жатат.
Бахтияр Вахабзаденин досторунун жолугушуусу Түрк дүйнөсүнүн улуу акынынын 100 жылдыгын белгилөөгө салым кошуу максатында жана Түрк мамлекеттердин ортосундагы маданий кызматташтыкты жана руханий байланыштарды чыңдоо алкагында уюштурулду.