ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Башкы катчысы Азербайжандагы TRT өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды

ТҮРКПА Башкы катчысы Азербайжандагы TRT өкүлчүлүгүнүн жетекчисин кабыл алды

Дата
Көрүү
1381

2026-жылдын 8-сентябрында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан мырза Азербайжандагы Түркиянын Радио жана Телевидение Корпорациясынын (TRT) өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сефа Бурак Бозйелд мырзаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКПАнын Башкы катчысы Бозйел мырзаны жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, боордош өлкөнүн эң ири радио жана телеберүү корпорациясы болгон "TRT" Корпорациясы менен кызматташууга өзгөчө маани берилерин белгиледи. Ал, айрыкча, түрк мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү жана медиа тармагындагы кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу сыяктуу маанилүү багыттарда "TRT" Корпорациясы тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктү жогору баалады. Хасан мырза ошондой эле Бозйел мырзага мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалап, биргелешкен кызматташтыктын келечегине кубанычта экенин билдирди.

Өз кезегинде Бозйел мырза жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн "TRT" Корпорациясы жана Түркиянын медиа уюмдары тарабынан кеңири чагылдырылышын камсыз кылууда бардык мүмкүн болгон колдоону көрсөтөрүн билдирди.

Жолугушууга ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза жана "TRT" Корпорациясынын кабарчысы Нурсима Өзөнүр айым катышты.