TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА байкоочулары басма сөз жыйынында корутунду билдирүү жасашты

ТҮРКПА байкоочулары басма сөз жыйынында корутунду билдирүү жасашты

Дата
Көрүү
125
ТҮРКПАнын эл аралык байкоочулар миссиясы Азербайжан Республикасында мөөнөтүнөн мурда өткөн парламенттик шайлоо боюнча мониторингдин жыйынтыгы тууралуу басма сөз жыйынын өткөрүштү. Байкоочулар миссиясынын башчысы Исмет Учма атайы билдирүү жасады. Ошону менен бирге Азербайжандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө ТҮРКПАнын байкоочулар миссиясынын программасы боюнча маалымат берди. Байкоочулар миссиясынын мүчөлөрү Берик Оспанов, Динар Нукетаева жана Зиядин Жамалдинов Азербайжанда өткөн шайлоо өнөктүгү жана ага көрүлгөн даярдыктар боюнча ойлорун билдиришти. Байкоочулар миссиясы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө олуттуу кемчилдиктер жана мыйзам бузуулар болбогонун, ошондой эле тиешелүү мекемелердин шайлоону өткөрүү үчүн даярдыгы жогорку деңгээлде болгонун жана жетишээрлик ресурстар менен камсыздалганын белгилеп өттү. Соңунда миссия 2020-жылдын 9-февралында өткөн парламенттик шайлоо Азербайжандын улуттук мыйзамдарына жана эл аралык шайлоо стандарттарына ылайык өттү деген корутундуга келди.