ТҮРКПА Астанадагы 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышты
Дата
Көрүү
159
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегация 2024-жылдын 8-сентябрынан 13-сентябрына чейин Астана шаарында Казакстан Республикасынын кабыл алуусунда Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлиги тарабынан уюштурулган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышты.
Казакстандын борбору Астана шаарында "Улуу талаанын чогулушу" урааны астында өтүп жаткан 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн салттуу спорттун 21 түрү боюнча 2 миңден ашык спортчу катышууда.
2024-жылдын 8-сентябрында "Астана Арена" стадионундагы ачылыш аземине Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев, Түркмөнстандын Эл маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов, Татарстан Республикасынын Башчысы Рустам Минниханов, Саха (Якутия) Республикасынын башчысы Айсен Николаев, Монголиянын Экс-президенти Намбарын Энхбаяр, Бүткүл дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын Президенти Билал Эрдоган, Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ), Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ), Түрк маданияты жана мурасы фондунун, Түрк инвестициялык фондунун башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле БУУ, ЮНЕСКО, Европа Биримдиги жана АӨИЧК сыяктуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Президент Касым-Жомарт Токаев өз сөзүндө 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын башталганын расмий түрдө жарыялап жатып, Оюндар жаш муундарга баа жеткис мурастарды өткөрүп берүү жагынан өзгөчө долбоор экенин айтты. Президент Токаев ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эл аралык тилектештикти чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишенимин билдирди. Кошумчалай кетсек, ачылыш аземинде Дүйнөлүк этникалык спорт конфедерациясынын Президенти Билал Эрдоган сөз сүйлөдү. Ачылыш иш-чараларына жогорку даражалуу чакырылган коноктор менен катар Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр да катышты.
Спорттук мелдештин биринчи күнүндө Башкы катчы жана аны коштоп барган делегация "Казанат" ипподромунда көкпар жана салттуу жаа атуу мелдештерине көз салууга мүмкүнчүлүк алып, иш-чаранын алкагында курулган, чатырлар жайгаштырылган "Көчмөндөр ааламы" этношаарчасына барышты. Мындан тышкары, оюндардын илимий программасынын алкагында делегация Казакстан Республикасынын Улуттук музейинде болушту.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – спорттун этникалык түрлөрү боюнча эл аралык спорттук мелдештер. Мелдештер Борбордук Азиянын тарыхый көчмөн элдеринин спорт оюндарынын негизинде өткөрүлүп келүүдө. Алгачкы жолу 2014-жылы Кыргыз Республикасынын Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары эки жылда бир өткөрүлөт. Кыргыз Республикасы оюндарды үч жолу өткөрсө, 2022-жылы Түркия Республикасы Изник шаарында оюндарды өткөргөн. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.