ТҮРКПА АӨИЧКнын штаб-кеңсесинин пайдубалын түптөө аземине катышты
Дата
Көрүү
157
2024-жылдын 26-июнунда Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов Казакстандын Астана шаарында өткөн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча Кеңешменин штаб-кеңсесинин пайдубалын түптөө аземине катышты.
Иш-чарага Казакстандын, Азербайжандын жана Тажикстандын расмий өкүлдөрү, Астанада аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
АӨИЧКнын Башкы катчысы Кайрат Сарыбай, Казакстандын Тышкы иштер министринин орун басары Алибек Бакаев, Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Исматулло Насредин жана Азербайжандын Тышкы иштер министрлигинин Регионалдык коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Азер Мусаев сөз сүйлөштү.
Башкы катчы Кайрат Сарыбай АӨИЧКнын Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууга жана диалогго туруктуу умтулуусунун символу катары жаңы штаб-кеңсесинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Алдыңкы жашыл технологияларды колдонуу менен имараттын курулушун жана сейил бак түзүлүшүн эскертип жатып, Сарыбай мырза мүчө-өлкөлөрдү АӨИЧК регионунун маданий көп түрдүүлүгүн чагылдыруу үчүн жаңы штаб-кеңсенин ички жасалгасына салым кошууга чакырды.
Имараттын пайдубалына катышуучулар АӨИЧК Катчылыгынын болочок кесиптештерине кайрылууну камтыган убакыт капсуласын коюшту. Капсуланы 2049-жылы АӨИЧКнын негизделишинин 50 жылдыгына карата ачуу пландалууда.
2024-жылдын 27-июнунда Астанада Жогорку кызмат адамдарынын комитетинин отурумунун алдында Азербайжан, Казакстан жана Тажикстандын расмий өкүлдөрү биринчи жолу кеңешмелерди өткөрүштү.
Кеңешмелердин жүрүшүндө АӨИЧК ишмердүүлүгү, 2024-жылдын 11-ноябрында Баку шаарында өтүүчү АӨИЧК Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин жыйынында төрагалыкты Казакстандан Азербайжанга өткөрүп берүүгө даярдык көрүү сыяктуу маселелер талкууланды.
Иш-чаранын катышуучулары уюмдун ишмердүүлүгүн мындан ары да илгерилетүү үчүн ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды уюштурууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.