TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Анкарада «Казакстан жолу. Түрк биримдиги” көргөзмөсүнө катышты

ТҮРКПА Анкарада «Казакстан жолу. Түрк биримдиги” көргөзмөсүнө катышты

Дата
Көрүү
140
2021-жылдын 5-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык миссиялардын, Казакстан менен Түркиянын илимий жана академиялык коомчулуктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн “Түрк дүйнөсү: тарых, заманбаптык, келечек” аттуу эл аралык конференцияга катышты. Түркия Республикасынын Президентинин улук кеңешчиси Ялчын Топчу мырза, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Дүйсен Касеинов мырза, Түрк Кеңешинин Башкы катчысынын орун басары Султан Раев мырза, ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Талгат Адуов мырза, Эл аралык Түрк Академиясынын Вице-президенти Физули Межидли мырза, Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Абзал Сапарбекулы мырза, Түркия Президентинин Администрациясынын жанындагы Улуттук китепкананын директору Айхан Туглу мырза, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Елбасы китепканасынын директору Бакытжан Темирболат мырза жана “Елбасы Академиясы” корпоративдик фондунун Башчысынын орун басары Ануар Жангозин мырза конференцияда сөз сүйлөштү. Катышуучулар Түрк цивилизациясынын тарыхый, маданий жана руханий мурастарын кайра жаратуу процесстерин, Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Елбасы, Түрк дүйнөсүнүн аксакалы Нурсултан Назарбаевдин Түрк элдеринин биримдигине, ошондой эле Түрк дүйнөсүнүн динамикалык интеграциясын бекемдөөгө кошкон салымын жана ролун талкуулашты. Конференциянын алдында бул долбоордун алкагында Түркия Республикасынын Президентинин Администрациясынын жанындагы Улуттук китепканада Казакстан Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчилигинин жана Түркия Республикасынын Анкара шаарындагы Президент Аппаратынын колдоосунда, Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин Китепканасы – Елбасы Академиясы менен биргеликте уюштурган Казакстан Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган «Казакстан жолу. Түрк биримдиги» аттуу көргөзмөнүн ачылышы болуп өттү. «Казакстан жолу. Түрк биримдиги” көргөзмөсү бир ай бою Анкара шаарынын тургундары жана коноктору үчүн ачык болот.